Жаңылыктар

08.05.2024

ЕАЭБ жана Монголия алымсыз соода шарттары боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү башташты

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2024-жылдын 8-майында Москвада өткөн отурумунун жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн лидерлери Монголия менен убактылуу соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү расмий демилгелөө жөнүндө сунушту колдошту.

"Монголия жөн гана коңшу өлкө эмес, биздин өлкөлөр үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат. Улан-Батордон кесиптештерибиз менен биргеликте биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн колдонула турган соода саясатынын инструменттерин, ошондой эле эркин соода режимин түзүүнүн натыйжаларын ар тараптуу изилдеп чыктык", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев кабыл алынган чечимге комментарий берди.

Ал тактап өткөндөй, азыркы тапта, анын алкагында өз ара соодадагы алымдар товарлардын чектелген чөйрөсү боюнча четтетиле же азайтыла турган убактылуу соода макулдашуусу жөнүндө кеп жүргүзүү максатка ылайыктуу экени жөнүндө корутунду бул иштин жыйынтыгы болгон. Бул сунуш ЖЕЭКтин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Мурда маалымдалгандай, ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода макулдашуусу боюнча даярдык иштери башталган жана үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү мүмкүн.

"Биринчи кварталда биз монгол тарап менен толук консультацияларды өткөрдүк, келечектеги соода бүтүмүн түзүмү жөнүндө макулдаштык. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Монголиянын лидерлери өткөрүлүп жаткан ишке канчалык колдоо көрсөтүп жатканын эске алуу менен, ЖЕЭКтин мүчөлөрүнө эң кыска мөөнөттө макулдашуу кол коюуга даярдалгандыгы жөнүндө билдире алабыз деп ишенүүгө бардык негиздер бар", – деп кошумчалады Андрей Слепнев.