Жаңылыктар

09.12.2022 (Обновлено: 14.12.2022 16:12)

ЕАЭБ БАЭ менен эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт

Евразия экономикалык бирлиги Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соодалашуу жөнүндө келишимин түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштайт. Тиешелүү чечим ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан 9-декабрда Бишкекте өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө кабыл алынган.

"Биргелешкен изилдөө тобунун иши БАЭ менен эркин соодалашуу аймагын түзүү өнөр жай секторунда да, АӨКтө да 1300дөн ашык товардык позициялар боюнча биздин жеткирүүлөрдүн өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин көрсөттү", - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ошону менен бирге ал баса белгилеп өткөндөй, алдыда жүргүзүлө турган иштерге ЕЭК товарларды соодалоонун преференциалдык режимин түзүүгө караганда кеңири карайт. Көп пландуу өз ара иштешүүнүн актуалдуулугу Бирлик өлкөлөрүнүн көп сандаган компанияларынын, анын ичинде инновациялык компаниялардын Бириккен Араб Эмираттарында жогорку кызыгуусу жана катышуусу, ошондой эле бул мамлекеттин эл аралык соода жана транспорттук-логистикалык хаб катары ролу менен тастыкталат.

Мындан тышкары, БАЭ менен макулдашуу Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн жана "Түндүк - Түштүк" коридорунун контекстинде бүтүндөй Перс булуңундагы өлкөлөрдө ЕАЭБ экспорттоочуларынын позицияларын бекемдөө көз карашынан каралууда.

Андрей Слепневдун айтымында, тараптар сүйлөшүүлөрдү fast track режиминде жүргүзүүгө жана биринчи раундду келерки жылдын мартында өткөрүүгө ниеттенишет.

Маалымат

ЕАЭБ менен БАЭнин ортосунда эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени изилдөө боюнча биргелешкен изилдөө тобу (БИТ) ЕЭК Кеңешинин тескемесине ылайык 2022-жылдын апрелинде түзүлгөн. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө негизденип, БИТ тиешелүү сүйлөшүүлөрдү баштоону туура көргөн. Топтун ишинин жыйынтыктары, ошондой эле келечектеги макулдашуунун концептуалдык жоболору ушул жылдын 25-ноябрында Комиссиянын Кеңешинин жыйынында каралган.

2015-жылдан 2021-жылга чейин ЕАЭБ өлкөлөрү менен БАЭ ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 4 эсеге өсүп, 6,3 млрд долларга чейин жеткен: ЕАЭБдин экспорту 4,7 эсеге, БАЭден импорт 47%га өскөн.