Жаңылыктар

05.04.2022 (Обновлено: 19.04.2022 17:07)

ЕАЭБ товарлардын жаңы топторуна карата алымдарды жоюуда жана импорт жол-жоболорун жеңилдетүүдө

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБге бажы алымынын нөлдүк коюму боюнча убактылуу алып келинип жаткан продукциянын тизмегин кеңейтүү жөнүндө тараптардын сунушун жактырды. Жаңы тизмеге критикалык импорт товарларынын кеңири номенклатурасы, атап айтканда, тамак-аш азыктары жана аларды өндүрүү үчүн компоненттер, таңгактоочу материалдар, химиялык продукция, транспорт каражаттарын өндүрүү жана оңдоо үчүн себилдегичтер кирди.

ЕЭК Коллегиясынын компетенциясына кирген бир катар товардык позициялар боюнча чечим Комиссиянын Кеңешинин тапшырмасы боюнча жакынкы убакытта кабыл алынмакчы.

"Тышкы чектөөлөрдүн шарттарында жана бажылык-тарифтик жөнгө салуу чарасынын аракеттенүүсүнүн кыска мөөнөттөрүн эске алуу менен, алып келинип жаткан товарлардын негизги бөлүгүнүн максаттуу арналышын тастыктоо зарылчылыгынан баш тартуу менен, аны иш жүзүндө ишке ашыруу процессин тездетүүнү чечтик", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв. Ал аталган жеңилдетүү Комиссия тарабынан буга чейин жактырылган жеңилдиктерге да тиешелүү болмокчу деп тактады.
Чечим 2022-жылдын 28-мартынан тарта келип чыккан укук мамилелерине карата колдонулат.

Маалымат

Буга чейин, ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 37 чечимине ылайык, 2022-жылдын 30-сентябрына чейин азык-түлүк товарларын жана аларды өндүрүүдө колдонулган товарларды алып келүү бажы алымдарынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик берилген эле. Мындан сырткары, азык-түлүк продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн товарларга; фармацевтикалык, металлургиялык жана электрондук продукцияны өндүрүү үчүн товарларга; санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн колдонулуучу товарларга; жеңил өнөр жай продукциясын өндүрүү үчүн товарларга, ошондой эле курулуш жана транспорт тармактарында колдонулуучу товарларга карата жеңилдиктер берилди.