Жаңылыктар

22.09.2023

ЕАЭБ Индия менен эркин соода аймагын түзүү боюнча диалогду улантууда

21-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин жана Өнөр жай саясаты департаментинин өкүлдөрүнүн Индия Республикасынын Өкмөтүнүн Соода жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери, эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн активдүү фазасына өтүү боюнча иштер, ошондой эле өнөр жай кооперациясын тереңдетүүнүн перспективалары каралды.

"ЕАЭБ өлкөлөрү менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча эки эсеге өскөн, ал эми 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дагы 90%га өскөн. Ошол эле учурда алдын ала жүргүзүлгөн изилдөөлөр ЕАЭБ үчүн да, Индия үчүн да эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүдөн, анын ичинде келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгү көз карашынан алганда олуттуу пайдаларды болжолдойт. Бирлик өлкөлөрүнүн бизнеси да преференциалдык режимге өтүүнү жигердүүү колдоп жатышат", — деп белгиледи ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков.


Өз кезегинде, Индия Республикасынын Өкмөтүнүн Соода жана өнөр жай министрлигинин Соода департаментинин биргелешкен катчысы Маниш Чаддха билдиргендей, Индия Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн кошумча изилдөөлөр, ошондой эле бизнес коомчулугу менен талкуулар ЕАЭБ менен соода келишимин түзүү олуттуу кызыкчылык жаратарын тастыктады. Мындан тышкары, ЕЭКтин жана ЕАЭБдин өнөр жай кооперациясын тереңдетүү боюнча мүмкүн болгон сунуштарын кароого даярдыгы тастыкталды.