Маалымат
Табигый монополиялар чөйрөсүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү жүргүзүүнүн ырааттуулугун аныктоо боюнча жол картасы ЕЭК Кеңеши тарабынан 2017-жылдын декабрында бекитилген жана үч этаптан турат.
Биринчи этапта (2019-2020-жж.) Бирликтин катышуучу өлкөлөрүнүн мыйзам актыларын комплекстүү изилдөө жүргүзүлгөн.
Жол картасынын экинчи этабында төрт документти иштеп чыгуу каралган, алардын экөө үстүбүздөгү жылы Комиссиянын Коллегиясы тарабынан кабыл алынган:
– "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү баалоонун сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү жөнүндө" сунуштама (Комиссиянын Коллегиясы тарабынан 22.03.2022 № 9 кабыл алынган),
– "Кызмат көрсөтүүлөрдү табигый монополиялар чөйрөсүнө киргизүүнүн негизги критерийлери жана шарттары жөнүндө" сунуштама (Комиссиянын Коллегиясы тарабынан 19.04.2022 № 15 кабыл алынган).
Жыйынтыктоочу этапта Бирликтин мүчө мамлекеттери тарабынан мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар жана Комиссия тарабынан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг ишке ашырылат.