Жаңылыктар

14.01.2025

ЕАЭБ Япониядан, Таиланддан, Түркиядан жана Малайзиядан куюлган алюминий дисктерине демпингге каршы алым киргизет

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Япониядан, Таиланддан, Түркиядан жана Малайзиядан куюлган алюминий дискттерине карата демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Чара диаметри 13 дюймдан 20 дюймга чейинки жаңы жана мурда колдонулган, шиналар менен комплекттелген же комплекттелбеген дисктерге тиешелүү болот. Чараны колдонуу беш жылга созулмакчы. Алым өндүрүлгөн өлкөгө жараша бажы наркынын 9,38-42,82% өлчөмүндө белгиленет.

Чечим ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан башталган демпингге каршы иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 1-мартында "Алюминий өндүрүүчүлөрдүн, жеткирүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн бирикмеси" ассоциациясынын арызы боюнча кабыл алынган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган өлкөлөрдөн чыгарылган товардын демпингдик импортунун болушу жана Евразия экономикалык бирлигинин экономика тармагына материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

"Демпингдик өлкөлөрдөн куюлган алюминий дискттерин өндүрүүчүлөрдүн баа саясаты биздин өзүбүздүн компанияларыбызды ички рыноктогу үлүшүн жоготуу шартында товарды сатуу баасын анын өздүк наркынын өсүшүнө жараша көтөрө албашына алып келди. Натыйжада аларды сатуу чыгашалуу, ал эми өндүрүштүн рентабелдүүлүгү терс болуп калды", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.