Жаңылыктар

20.12.2022

ЕАЭБ Грузияда өндүрүлгөн ферросиликомарганецке карата демпингге каршы алым киргизет

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Грузияда өндұрүлгөн ферросиликомарганецке карата демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Демпингге каршы чаранын колдонуу мөөнөтү беш жылды түзөт, алымдын өлчөмү бажы наркынан 21,4-24,22% өлчөмүндө өндүрүүчүлөргө жана уюмдарга жараша белгиленген.

Чечим Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн бул товарларды өндүрүүчүлөр: "Тараз металлургиялык заводу" ЖЧКсы, "Темиртау электрометаллургиялык комбинаты" АК, Аксу ферроэритме заводу - "ТНК" Казхром" АК филиалынын колдоосу менен "Челябинск электрометаллургиялык комбинаты" АК жана "Батыш Сибирь Электрометаллургиялык заводу" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 28-июнунда берилген арыз боюнча ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан башталган демпингге каршы иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Грузияда өндүрүлгөн товардын демпингдик импорту жана Евразия экономикалык бирлигинин экономика тармагына келтирилген материалдык зыяндын бар экендиги аныкталган. Ошол эле учурда, ЕЭКтин соода блогунда белгилешкендей, грузиялык ферросиликомарганецти жеткирүү көлөмүнүн олуттуу өсүшү (2,3 эсе) 2017-жылы Украинадан товарга карата демпингге каршы чара киргизилгенден кийин байкалган.

Грузиялык ферросиликомарганецке карата демпингге каршы алымдын колдонулуу мезгилинде ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаменти чараны ыкчам кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү менен Бирликтин рыногунда баа мониторингин жүргүзөт.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.