Жаңылыктар

07.12.2023

ЕЭК жана Афрэксимбанк соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Экспортту өнүктүрүү, соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү, Евразия экономикалык бирлигинин жана Африканын өлкөлөрүнүн компанияларынын катышуусу менен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоо, технологиялардын трансферти, ошондой эле төлөм тутумдарын айкалыштыруу, анын ичинде улуттук валюталарда эсептешүүлөрдү активдештирүүнү сыяктуу багыттар боюнча өз ара иштешүүнү жөнгө салуу маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Афрэксимбанктын корпоративдик башкаруу жана юридикалык маселелер боюнча вице-президенти Джордж Эломби талкуулашты. Жолугушуу 5-декабрда Каирдеги банктын штаб-квартирасында өттү.

"ЕАЭБ менен Африканын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жогорку потенциалын ишке ашыруу ЕЭКтин өлкөлөр менен да, интеграциялык түзүмдөр жана регионду өнүктүрүү институттары менен да өз ара иштешүүсүнүн тереңдешине байланыштуу", – деп Сергей Глазьев Африка бирлигиндеги негизги өнүгүү институттарынын бири катары Афрэксимбанктын ролун баса белгилеп өттү.

ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Африка өлкөлөрүнүн компаниялары үчүн химиялык продукцияны, машиналарды жана жабдууларды, анын ичинде айыл чарба техникасын, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарба продукциясын өстүрүү, аларды ташуу, ошондой эле пайдалуу кендерди чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү, энергетика, электрондук сервистер жана башкалар сыяктуу чөйрөлөр келечектүү биргелешкен долбоорлор болушу мүмкүн.

Сергей Глазьев жана Джордж Эломби ЕЭК жана Афрэксимбанк ээ болгон функционалды жана инструментарийди натыйжалуу пайдалануу ЕАЭБ мамлекеттери менен Африка өлкөлөрүнүн ортосунда товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө олуттуу таасир тийгизерин белгилешти.

Сергей Глазьевдин пикири боюнча, бул маселелерди чечүүнү региондор ортосундагы сооданы чектеген "тар жерлерди" жоюудан баштоо керек, анын ичинде логистикалык чынжырларды оптималдаштыруу, сертификаттоо жана экспертиза, санариптик валюталарды кошо алганда, улуттук валюталарды пайдалануу менен соода операциялары үчүн эсептешүүлөрдүн өз ара пайдалуу формаларын издөө боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү, тышкы соода жеткирүүлөрүнө байланыштуу, биринчи кезекте фрахт жана камсыздандыруу жаатында финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн финансылык уюмдары менен Африка банктарынын ортосунда түздөн-түз корреспонденттик мамилелерди түзүүнүн башка маселелерин иштеп чыгуу зарыл.

Тараптар ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Африка өлкөлөрүнүн ишкерлерин биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга тартуу үчүн, потенциалдуу өнөктөштөрдү жана товарларды издөө боюнча маалыматтык тутумдарды ишке киргизүү, рейтингдерди өз ара таануу, ошондой эле Африка өлкөлөрүнө биргелешкен евразиялык бизнес-миссияларды өткөрүү жолу менен бири-биринин соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана негизги биржалык товарларга бааларды түзүү механизмдери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга көмөк көрсөтүү зарыл деген пикирге келишти.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар ЕАЭБде жана Африка бирлигинде чарбалык ишмердүүлүктү жөнгө салуу жаатында, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана маалымат алмашуу жолу менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүүнү улантууну, ошондой эле ЕАЭБ жана Африка өлкөлөрүнүн деңгээлинде кыйла натыйжалуу жана практикага багытталган соода-экономикалык кызматташтыкка чыгуу үчүн ЕЭК менен Афрэксимбанктын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана институтташтыруу маселесин иштеп чыгууну макулдашышты.

Маалымат

Жолугушуу Коллегиянын Төрагасы Михаил Мясникович менен Афрэксимбанктын президенти Бенедикт Ораманын 2023-жылдын июлунда Санкт-Петербургда Россия – Африка Саммитинде жана 2023-жылдын октябрында Пекинде өткөн "Бир алкак, бир жол" форумунда түзүлгөн байланыштарды өнүктүрүү максатында өттү.

Афрэксимбанк - африкалык ички жана тышкы сооданы каржылоого жана жайылтууга ыйгарым укуктуу панафрикалык улуттар аралык көп тараптуу каржы институту, ошондой эле Африканын континенталдык эркин соода аймагын түзүүнү колдоодо чечүүчү ролду ойногон Африканын алдыңкы аймактык интеграциялык банкы болуп эсептелет. Афрэксимбанк африкалык жана африкалык эмес экспорттук-насыялык агенттиктер, өнүктүрүү каржы институттары, коммерциялык банктар жана башка көп тараптуу институттар менен иштейт.