Жаңылыктар

11.04.2022 (Обновлено: 28.04.2022 17:25)

ЕЭК жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси техникалык жөнгө салуу маселелерин талкуулашты

Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуу боюнча укугундагы жаңылыктар; ЕАЭБдин, мамлекеттер аралык стандарттардын техникалык регламенттерин өзгөртүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан милдеттер; шайкештикти баалоо жана аккредитациялоо маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын тегерек столунда талкууланды.

Иш-чара ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаменти тарабынан уюштурулду жана ЕАЭБ мамлекеттеринин ишкерлерине Комиссиянын өкүлдөрү менен кыйла актуалдуу темаларды кошумча талкуулоого мүмкүндүк берди.

Тегерек столдун ишине 90дон ашык адам катышты. Алардын катарында - 75тен ашык бизнесмендер, анын ичинде ЕАЭБ Ишкер кеңешине мүчө уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын, ЕЭКтин компетенциясына атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу, өнөр жай саясаты, бажы кызматташтыгы жана башкалар маселелер кирген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү бар.

"ЕАЭБде техникалык жөнгө салууну калыптандырууда жана өнүктүрүүдө биздин Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулугунун ролу өтө жогору, – деп баса белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаментинин директору Тимур Нурашев. - Экономиканын тармактарына карата техникалык жөнгө салуу инструменттерин өнүктүрүүдө бизнес канчалык жигердүү позицияны ээлесе, ЕАЭБде жалпы максаттарга ошончолук ийгиликтүү жетишүүлөр болот: товарлардын коопсуздугун камсыздоодо, Бирликте өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда жана жалпысынан - биздин мамлекеттердин экономикаларын туруктуу өнүктүрүүдө".
Талкуунун жакшы бөлүгү стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо маселелерине арналды. Бизнести Бирликтин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу, кабыл алуу, өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартибинин өзгөрүшү жана Бирликтин техникалык регламентинин талаптарын сактоону камсыз кылган стандарттардын тизмесин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартиби менен байланышкан темалар кызыктырды. Мисалы, мамлекеттер аралык стандарттарды ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү аларга кошулгандан кийин гана колдонуу мүмкүнчүлүгү принцибин киргизүү талкууланды. Бул маселелер ЕЭК Кеңешинин үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде өтө турган отурумунун күн тартибине киргизилген.

Тегерек столдун катышуучулары бир эле продукция үчүн бир эле көрсөткүчтөр боюнча методикаларды киргизүү тартиби; стандарттардын тизмегиндеги жетишпеген, мисалы, "Тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтеринин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" жана "Ашыкча басым астында иштеген жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламенттерге карата методикалар же ченемдик документтер боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алышты.

Шайкештикти баалоо маселелери бизнес үчүн өзгөчө кызыгууну жаратты: продукциянын шайкештигин тастыктоо жол-жоболорун оптималдаштыруу, "Жарылуу коркунучу бар чөйрөдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке киргизилген 9с схемасын колдонуунун өзгөчөлүктөрү, жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча шайкештик сертификаттарын кайра чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча.

Иш-чаранын катышуучуларына Комиссия тарабынан Бирлик мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу чараларын практикалык жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иштер жөнүндө маалымат берилди. Кеп, атап айтканда, Бирликтин алкагында киргизилүүчү продукцияга карата жаңы милдеттүү талаптардын күчүнө кирүү мөөнөттөрүн жана мындай талаптарга карата өткөөл мезгилдин колдонуу мөөнөттөрүн оптималдаштыруу жөнүндө болду. Ошондой эле Бирликтин алкагында жана улуттук деңгээлде каралган продукцияга карата милдеттүү талаптарды оптималдаштыруу (анын ичинде жокко чыгаруу, кайра карап чыгуу, кабыл алуу), шайкештикти баалоо жол-жоболору, бирликтик мамлекеттерде өндүрүш процесстеринин технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ички рынокто товарларды туруктуу сунуштоону колдоо үчүн аны жүгүртүүгө чыгаруу эрежелери жөнүндө болду.