Жаңылыктар

26.05.2022 (Обновлено: 15.06.2022 11:29)

ЕЭК жана "бешилтик" өлкөлөрүнүн бизнеси Бишкекте техникалык жөнгө салуу маселелерин талкуулашты

26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуу тутумунун азыркы абалына, аны өнүктүрүү багыттарына жана көйгөйлүү маселелерге арналган тематикалык сессия болуп өттү.

Эксперттер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, сапат инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле тышкы жана ички чакырыктардын шарттарында "бешилтик" өлкөлөрүнүн товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн техникалык жөнгө салуу органдары менен бизнестин натыйжалуу өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Сессиянын модераторлору ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко жана ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаментинин директору Тимур Нурашев болушту.

"Жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоодо товарлардын эркин кыймылы үчүн ЕАЭБ мейкиндигинде тең укуктуу атаандаштык рыногун түзүү – техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маанилүү милдет, -деп баса белгиледи ЕЭК министри. - Продукцияга карата коопсуздуктун милдеттүү талаптары жогорку эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келиши биз үчүн маанилүү".

Беларустун Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Валентин Татарицкий азыркы учурдагы жөнөкөй эмес шарттарда, сапат - жалпы алганда өлкөнүн экономикасынын жана өзүнчө алганда ар бир уюмдун атаандаштыкка туруктуулугунун аныктоочу багыты болуп саналарын баса белгиледи. 

"Продукциянын жана бизнес-процесстердин сапаты — атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн өсүшүнүн башкы императиви, өлкөнүн кадыр-баркы, каржылык туруктуулугу, керектөөлөрдү максималдуу канааттандыруу жана жарандардын жашоо деңгээлинин өсүшү", – деп белгиледи ал.

Талкуунун катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Казакстандын соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин төрагасы Арман Абенов кошумчалап өткөндөй, ЕАЭБде техникалык регламенттердеги милдеттүү ченемдер жана стандарттарды ыктыярдуу негизде колдонуу менен продукциянын коопсуздугу да, Бирликтин рыногунда товарлардын эркин кыймылынын негизги шарттарынын бири да камсыздалат. Бирок, бүгүнкү күндө продукцияны өндүрүүнүн техникалык деңгээлине жана натыйжада анын сапатына жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизген көйгөйлөр дагы деле бар.

"Мындай көйгөйлөрдү системалуу чечүү үчүн жана техникалык жөнгө салуунун таасирин баалоону камсыздоо максатында, Казакстанда Стандартташтыруу жана метрология институтунун базасында 2021-жылдын 1-июлунан тарта Техникалык жөнгө салуу боюнча координациялык борбор түзүлгөн жана иштей баштады. Техникалык жөнгө салуу боюнча координациялык борборлорду түзүүнүн ушул сыяктуу моделин ЕАЭБдин башка мүчө мамлекеттеринде дагы иштеп чыгуу максатка ылайыктуу", - деп жыйынтыктады ЕЭФ тематикалык сессиясынын спикери.

Тематикалык сессиянын катышуучулары мүчө мамлекеттердин техникалык жөнгө салуу, сапат жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө интеграциялык потенциалын ишке ашыруунун концептуалдуу маселелерин талкуулашты. Керектөөчүгө зыян (залал) келтирүү тобокелдиктерин баалоого жана башкарууга, милдеттүү талаптарды бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды кеңейтүүгө жана жогорулатууга негизделген мамлекеттик контролду жүргүзүүгө карата мүчө мамлекеттердин ыкмаларын трансформациялоо зарылдыгын белгилешти.

Сессияга Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын, бизнес-коомдоштуктарынын 90дон ашык өкүлдөрү жана уюмдарынын эксперттери катышышты. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү