Жаңылыктар

04.04.2024

ЕЭК жана БУУ ЭСКАТО жеткирүүлөрдүн жаңы глобалдык тизмектерин түзүү боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүшүүдө

Логистиканын жаңы реалдуулуктарында жеткирүүлөрдүн туруктуу тизмектерин камсыздоо боюнча чараларды талкуулоо Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Самаркандда (Өзбекстан) ЭСКАТО эгидасы астында өтүп жаткан соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча 11-Азия-Тынч океан форумунун алкагында "Транспортту санариптик трансформациялоо: негизги тренддер жана синергетикалык таасир" панелдик сессиясында уюштурулган.

Иш-чараны ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын орун басары Сохаил Хан ачышты.

Панелдик сессия дискуссиялык аянтча катары бизнес-коомдоштугунун жана эл аралык уюмдардын эксперттерин дүйнөлүк соодадагы транспорттун жана логистиканын заманбап өзгөчөлүктөрүн талкуулоо үчүн бириктирди.

Дискуссиянын катышуучулары евразия континентинде "тигишсиз" транспорттук мейкиндикти калыптандыруунун негизги тренддери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле транспорт чөйрөсүндө санариптештирүү процесстерин кечеңдетүүчү негизги факторлорду аныкташты.

Чыгып сүйлөөлөрдүн жүрүшүндө электрондук транспорттук документтерди киргизүүнүн эсебинен жеткирүүлөрдүн туруктуу тизмектерин камсыздоо, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүдө инновациялардын жана санариптик инструменттердин ролу, биргелешкен санариптик долбоорлорду каржылоо механизмдерин аныктоо, ошондой эле электрондук кол тамганы чек ара аралык таануу келечектери маселелери деталдуу каралды.

"Эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин санариптик транспорттук тутумдарды интеграциялоо чөйрөсүндөгү өнөктөштүгү эгемендүүлүктүн жана улуттук кызыкчылыктарды урматтоонун принциптерин эске алуу менен Чоң Евразиянын алкагында "тигишсиз" транспорттук мейкиндикти баскыч-баскычы менен калыптандырууга мүмкүндүк берет", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча белгиленгендей, санариптик жана интеллектуалдык технологияларды колдонууга алган транспорттук, логистикалык жана бажы инфраструктурасынын өнүккөн тармагынын болушу бүгүнкү күндө Чоң Евразия регионунда экономикалык коридорлорду колдоо үчүн базистик муктаждык болуп саналат.

КМШнын Аткаруу комитетинин, Евразиядагы IRU Туруктуу өкүлчүлүгүнүн, Өзбекстандын Транспорт министрлигине караштуу "Санариптик Транспорт" борборунун, "ОТЛК ЕРА" АКнын, "Газинформсервис" ЖЧКнын, "Владивосток деңиз соода порту" ААКнын (FESCO) өкүлдөрү сөз сүйлөштү. 

Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссия (ЭСКАТО) – БУУнун мүчө мамлекеттеринин курамы боюнча универсалдуу аймактык комиссиясы, ал Азия жана Тынч океан өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган. БУУнун беш регионалдык комиссияларынын эң чоңу (ЭСКАТО аймагында 3,8 миллиард адам жашайт – дүйнө калкынын 60 пайызга жакыны). Жайгашкан жери — Бангкок шаары (Таиланд).

ЭСКАТО форумунун талааларында side-event катарында панелдик сессия ЕЭК транспорт блогу тарабынан ЭСКАТО катчылыгы менен өнөктөштүктө Өзбекстандын Транспорт министрлигинин жана Россиянын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.