Жаңылыктар

24.03.2023

ЕЭК жана КМШнын Электр энергетика кеңешинин Аткаруу комитети энергетика чөйрөсүндө кызматташууну улантышат

Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Электр энергетика кеңешинин ортосундагы кызматташтык боюнча иш-чаралар планын актуалдаштыруу зарылчылыгы 23-мартта ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин жана КМШнын Электр энергетика кеңешинин Аткаруу комитетинин төрагасы Тарас Купчиковдун жолугушуусунда каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин жана КМШнын жалпы электр энергетикалык рынокторун түзүү, климаттык жана санариптик күн тартиптери боюнча иштер, ошондой эле эки интеграциялык бирикмелерде электр энергетикасына тиешелүү процесстерге илимий жана эксперттик коомчулукту тартуу жаатында өз ара иштешүүнү күчөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

"ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу кызматташтыгы боюнча сунуштарды иштеп чыгууга илимий коомчулукту кеңири тартуу евразиялык бешилтиктин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган өз ара пайдалуу жана негизделген чечимдерди табууга мүмкүндүк берет", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.


Маалымат

ЕЭК жана КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин ортосундагы кызматташтык боюнча иш-чаралар планы 2016-жылдын 10-июнунда жактырылган.