Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда энергетикалык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча кызматташтыктын перспективаларын Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Мохамед Аль Мазруи ушул жылдын 4-ноябрында Абу-Дабиде өткөн ADIPEC эл аралык көргөзмөсүнүн жана конференциясынын талааларында талкуулашты.
ЕЭК министри мүчө мамлекеттер тарабынан Бирликтин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторун түзүү, ошондой эле ЕАЭБ алкагында энергиянын калыптанма булактарын жана климаттык күн тартибин илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Тараптар энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу, ошондой эле жашыл технологияларды жана энергиянын калыптанма булактарын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашышты.
ADIPEC-2024 алкагында Арзыбек Кожошев "Энергетикалык өзгөрүү, жасалма интеллект жана экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ролу" министрлик тегерек столуна катышты.
Дискуссиянын жүрүшүндө ЕЭК министри: "Заманбап энергетика энергоресурстарды натыйжалуу башкаруу, ошондой эле электр тармактарынын стабилдүүлүгүн, туруктуулугун жана башкарылуулугун камсыздоо чакырыктарына туш болууда" деп баса белгиледи.
Форумдун катышуучулары евразия интеграциясынын негизги маселелеринин бири болуп ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы энергетикалык мейкиндигин түзүү боюнча биргелешкен иши саналарын белгилешти. Энергоресурстардын жалпы рыноктору колдо болгон ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга гана мүмкүндүк бербестен, бардык электр энергиясын өндүрүүчүлөр жана калк үчүн ачык рыноктук баалар боюнча кымбат эмес, ишенимдүү жана туруктуу энергия булактарына басмырлоосуз жетүүнү камсыз кылат.
Жалпы рыноктордун иши генерациялоочу жабдуулардын жүктөмүн оптималдаштырууга, негизги фонддордун эскирүүсү боюнча абалды жакшыртууга, энергетикалык объекттерди пайдалануунун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга жана энергия булактарын диверсификациялоого көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Ошондой эле иш-чарада энергетика тармагын өнүктүрүүдө алдыңкы, интеллектуалдык жана инновациялык санариптик чечимдердин ролуна чоң көңүл бурулду. Жасалма интеллект бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн күчтүү курал деп аталды.
"Технологиянын өнүгүшү жана энергиянын жаңы булактарын киргизүү менен оптимизация жана башкаруу маселеси курч болууда. Жасалма интеллект чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга, керектөө көлөмүн болжолдоого жана энергоресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө жөндөмдүү интеллектуалдык тутумдарды түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Форумдун талааларында пресс-конференция болуп өтүп, анын жүрүшүндө ЕЭК министри жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.