Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
15.06.2023

ЕЭК жана Мьянма өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Евразия экономикалык комиссиясы менен Мьянма Бирлиги Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Мьянманын инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар министри Кан Зо кол коюшту. Салтанат 15-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун талааларында өттү.

Меморандумда бажылык жөнгө салуу, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу, финансы рыноктору, транспорт, энергетика, агроөнөр жай комплекси жана башка багыттар боюнча өз ара аракеттенүү каралган. Меморандумда өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу топту түзүү жана биргелешкен иш-чаралардын планын иштеп чыгуу каралган.

Документ өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкка, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен Мьянманын ортосундагы сооданы кеңейтүүгө жана диверсификациялоого өбөлгө түзөт.

Сергей Глазьев белгилегендей, Меморандумга кол коюу Комиссиянын Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен байланышын бекемдөө боюнча кезектеги кадам болуп саналат.

"Меморандумдун негизинде биз соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү, маалымат алмашуу, биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн жаңы долбоорлорду жана инвестицияларды түзүү үчүн кызматташтыктын механизмдерин иштеп чыгуу боюнча конкреттүү милдеттерди чече алабыз", – деди Сергей Глазьев.

Өз кезегинде Кан Зо Сергей Глазьевге биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдирди.

"Кол коюлгандан кийин, биз милдеттенмелерибизди иш жүзүндө имплементациялашыбыз керек жана ошондой эле мындай кызматташтык натыйжалуу болушун каалайбыз", — деди ал.

Салтанаттуу кол коюу аземине ошондой эле Мьянма Бирлиги Республикасынын пландоо жана финансы министри Вин Шейн, Мьянма Бирлиги Республикасынын Борбордук банкынын башкаруучусу Мьянма Тан Тан Све, Мьянма Бирлиги Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лвин У, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

 

Маалымат

Мьянма 2021-жылы ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирген. Өлкө менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү Комиссиянын АСЕАНга кирген өлкөлөр менен кызматташтыкты бекемдөө боюнча милдеттерине ылайык келет. Комиссия ошондой эле АСЕАНдын Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Сингапур, Таиланд сыяктуу өлкөлөрү менен кызматташат. Вьетнам менен эркин соода келишими түзүлгөн, ал эми Индонезия, Камбоджа, Сингапур, Таиланддын өкмөттөрү менен Комиссия меморандумдарды түзгөн.