Тараптар эки тарапты кызыктырган маселелердин кеңири спектрин, анын ичинде органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү жана башкаларды талкуулашты. Органикалык продукциянын эркин соодасын камсыз кылуу, Комиссиянын базасында инвестицияларды тартуу аянтчасын түзүү, ЕАЭБде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрдү үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жылдыруу үчүн органикалык айыл чарба системаларынын эквиваленттүүлүгү жөнүндө ЕАЭБ менен Сауд Арабиянын ортосундагы эл аралык келишимди иштеп чыгуу боюнча сунуштар каралды.
Мындан тышкары тараптар айыл чарбасындагы санариптик жана технологиялык чечимдер боюнча маалымат алмашышты.
ЕЭК жана Россапат (Роскачество) Эр-Риядда өткөн Saudi Agriculture-2022 эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнүн алкагында «Россиянын органикалык продуктулар рыногу: Сауд Арабия Королдугунун рыногундагы перспективалар» тегерек столунда жана орус органикалык продукцияларынын улуттук экспозициясынын ишине катышууга Сауд Арабиясынын Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүн чакырышкан.