Жаңылыктар

30.09.2024

ЕЭК жана Армениянын бажы кызматы кызматташтык маселелерин талкуулашты

Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов III Евразия экономикалык форумунун талааларында Армения Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Рустам Бадасян менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн учурдагы деңгээлин жана келечектүү евразиялык долбоорлорду талкуулашты. Кеп электрондук сооданы жөнгө салуу, навигациялык пломбаларды колдонуу, бажы транзитинин бирдиктүү тутумун өнүктүрүү, ошондой эле ЕАЭБде бажылык башкаруунун бирдиктүү стандартын киргизүү жөнүндө болду.

Тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы органдарынын жана ЕЭКтин маалыматтык өз ара иштешүүсүн камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Руслан Давыдов Армениянын бажы кызматынын бирдиктүү терезенин улуттук тутумун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын белгилеп өттү, анын аркасында бүгүнкү күндө Арменияда жылына 200 миңден ашык уруксат документтери электрондук түрдө берилүүдө. Муну ЕАЭБ аймагында Бирликтин бүтүндөй бажы аймагына жайылтуу зарыл болгон мыкты тажрыйбалардын бири катары таанууга болот.