Жаңылыктар

04.04.2023

ЕЭК Берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин өзгөрттү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 4-мартта Берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.


ЕЭК Коллегиясынын чечими шайкештикти баалоо чөйрөсүндө негиз болуучу документтерге, өткөн жылдын декабрында кабыл алынган бир катар системалык өзгөртүүлөрдү жыйынтыктайт. Бул шайкештик жөнүндө сертификаттардын жана декларациялардын бирдиктүү формалары жана шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо тартиби.

Жаңы өзгөртүүлөр товарлардын байкоо жана коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле аталган реестрде камтылган продукциянын шайкештигин баалоо жөнүндө маалыматтардын ачыктыгына жардам берет. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эгерде бул мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган болсо, мындай маалыматтарды Комиссияга бербестен, бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүнө гана киргизилүүчү Кошумча маалыматтардын тартибин киргизүү жөнүндө макулдашууларын белгилей кетүү маанилүү, атап айтканда төмөнкүдөй маалыматтарды:

- продукция өндүрүлгөн жердин идентификатору (GLN (ДЖИ-ЭЛ-ЭН) же башка идентификатор – үчүнчү өлкөлөрдүн продукциялары үчүн;

- GTIN (ДЖИ-ТИН) коду;

- Бирликтин аймагына үлгүлөр катары алынып келген продукцияга карата бажы декларациясынын номери;

- сертификатталуучу продукцияны мезгил-мезгили менен баалоо жөнүндө маалымат;

- башка маалыматтар (сертификаттоого өтүнмө жөнүндө; эгерде сертификатты берген органдын аракети токтотулса, сертификаттоо боюнча башка орган менен сериялык сертификатты өткөрүп берүү жөнүндө өтүнмө берүүчү тарабынан келишим түзүү жөнүндө).

Бул ченем эки жыл колдонулат, бул убакыттын ичинде мүчө мамлекеттер жана ЕЭК Бирликтин рыногунда товарлардын эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктардын келип чыгуу предметине мониторинг жүргүзүшөт.

Мындай ыкма, анын ичинде шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү башка уюштуруучулук-методологиялык документтерге кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүсүз, маалыматтык технологияларды колдонуу менен, көрсөтүлгөн документтерди берүүнүн негиздүүлүгүнө кошумча контролдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган тажрыйбаларды сынап көрүүгө мүмкүндүк берет.

Комиссиянын актысынын жаңы жоболору Бирликте шайкештикти баалоо жөнүндө документтин электрондук түрүн киргизүү жөнүндө Стратегия-2025тин тиешелүү жобосунун жүзөгө ашырылышын камсыздашат.

Комиссиянын Коллегиясынын чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Анын күчүнө кирүүсү тиешелүү жалпы процесстин жаңы версиясын аракети күчүнө кирген дата менен байланыштуу.