Жаңылыктар

02.11.2022 (Обновлено: 08.11.2022 10:56)

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө макул эместиги жөнүндө кайрылууларын кароо тартибин өзгөрттү

ЕЭК Коллегиясы Комиссиянын ЕАЭБ мамлекетинин социалдык маанилүү товарларга бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү же мөөнөтүн узартуу жөнүндө башка мүчө мамлекеттин чечимине макул эместиги жөнүндө кайрылуусун кароонун жаңы тартибин бекитти. Бул өзгөртүүлөр евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүндө бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнүн жана узартуунун жаңы механизми киргизилген ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "II Чоң" протоколу менен каралган.
Азыркы учурда колдонулуп жаткан бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнүн эки этаптуу жол-жобосунун ордуна жаңы механизмде үч этап каралат. Биринчи этапта мүчө мамлекет 90 календардык күнгө чейинки мөөнөткө бааны мамлекеттик жөнгө салууну өз алдынча киргизе алат. Андан кийин зарыл болгон учурда, мамлекеттик жөнгө салуу дагы 90 календардык күнгө узартылышы мүмкүн. Мындай мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү да, узартуу да кабарлоочу мүнөзгө ээ, башкача айтканда, бул тууралуу Комиссияга жана башка тараптарга өз убагында маалымдоо жетиштүү.

Бааны мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн кайрадан дагы 60 календардык узартууга күнгө жол берилет, бирок бул ирет мындай узартуу Комиссия менен макулдашуу боюнча жүргүзүлүшү керек.

Ошентип, социалдык маанилүү товардын бир түрү боюнча бааны мамлекеттик жөнгө салууну колдонуунун максималдуу мөөнөтү 12 айдын ичинде 240 календардык күндөн ашпоого тийиш. Мында жөнгө салуу мөөнөтү мезгил-мезгили менен жана үзгүлтүксүз болушу мүмкүн.

Буга байланыштуу тартип ЕАЭБ мамлекеттеринин Комиссияга мурда киргизилген бааны жөнгө салуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана башка мүчө мамлекеттин бааны мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн киргизүү же узартуу жөнүндө чечимине макул эместиги тууралуу кайрылууларын жөнөтүү жол-жобосун деталдаштырат. Ошондой эле тартип мындай кайрылууларды Комиссияда кароонун жол-жобосун жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууну аныктайт.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун сөзү боюнча, жаңы тартип мамлекеттер тарабынан бааны мамлекеттик жөнгө салуу сыяктуу өзгөчө чараны колдонууга байланыштуу жол-жоболук учурларды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

"ЕЭК Коллегиясынын бүгүнкү чечиминин күчүнө кириши Протоколдо каралган, ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр күчүнө киргенден эрте болбойт, азыркы учурда ал Бирлик өлкөлөрүндө ратификациялоо жол-жобосунан өтүп жатат", - деп белгиледи ЕЭК министри.