Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана "Москва энергетикалык институту" (МЭИ) улуттук изилдөө университетинин ректору Николай Рогалев энергетика чөйрөсүндө өз ара иштешүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.
Жолугушууда евразиялык технологиялык платформаларды түзүү, Евразиялык тармактык университеттин (ЕТУ) алкагында ЕАЭБ мамлекеттеринин энергетикалык тармагы үчүн кадрларды даярдоо, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуу тутумун түзүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү белгиленди.
"Тармактык формада, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен квалификациялуу кадрларды даярдоону уюштуруу Евразия экономикалык бирлигинин эмгек рыногунун учурдагы жана келечектүү керектөөлөрүнө толугу менен шайкеш келет, ал эми ЕТУ алдында түзүлгөн Санариптик энергетика жана инженерия борбору катышуучу-жождор ортосунда санариптик энергетика жана инженерия чөйрөсүндө кызматташуу үчүн база болуп саналат", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
ЕЭКтин Энергетика департаментинин директору Вадим Закревский "2024-жыл үчүн ЕАЭБдеги энергетика маселелери жана энергетикалык интеграциянын жыйынтыктары" темасында лекция менен чыгып сүйлөдү.
Комиссиянын өкүлдөрү "Электр энергиясын ташуу технологиялары жана бөлүштүрүлгөн акылдуу энергия тутумдары" Улуттук технологиялык демилге Борборунда жана ГОЭЛРО музейинде болушту.