Жаңылыктар

29.02.2024

ЕЭК эркин соода жөнүндө макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө диалогдун зарылдыгына бизнестин көңүлүн бурду

28-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Михаил Черекаев "Россия" эл аралык көргөзмө-форумунун алкагында "Алюминий күндөрү" программасынын "Жогорку жетишкендиктердин алюминий тармагы" пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.

Ал иш чаранын катышуучуларын Евразия экономикалык бирлигинин Индонезия, БАЭ, Египет жана башка өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымдады.

Михаил Черекаев Евразия экономикалык бирлигинде бизнестин кызыкчылыктарын ар тараптуу эсепке алуу жана сооданы жөнгө салуунун так жана айкын эрежелерин киргизүүнүн ийгиликтүүлүгү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө ишкер-коомдоштук менен туруктуу диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.