Жаңылыктар

16.11.2023

ЕЭК Женевада ЮНКТАД жана БУУ ЕЭКтин жетекчилиги менен 2024-2026-жылдарга кызматташтык программаларын талкуулады

Евразия экономикалык комиссиясынын соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков Женевага болгон жумушчу сапарынын алкагында БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү.

Иш-чаралардын негизги темасы кезектеги үч жылдык мөөнөткө Комиссия менен эл аралык уюмдардын кызматташуу программаларынын долбоорлорун талкуулоо болду. Тиешелүү документтерди иштеп чыгуу 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында каралган.

"Болуп өткөн пикир алмашуунун алкагында ЮНКТАД менен кызматташуу программасынын долбоору боюнча макулдашууга жетишилди, ал эми БУУ ЕЭК менен - Кызматташуу планынын үстүндө ишти тез арада аяктоо боюнча кадамдар белгиленди. БУУ ЕЭКтин өкүлдөрү биздин өлкөлөрдү кызыктырган маанилүү системалык көйгөйлөрдү, анын ичинде уюмдун бул чөйрөнү стандартташтыруудагы тажрыйбасын эске алуу менен интермодалдык ташуулардын проблематикасын чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти", – деп белгиледи Владимир Серпиков.

Ошондой эле Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча кеңсесинин жетекчиси менен жолугушуу өткөрүлдү, анын жүрүшүндө өз ара аракеттенүүнүн укуктук аспектилери, ошондой эле Комиссия менен ЭСБ ортосундагы Меморандумдун алкагында тараптар үчүн актуалдуу болгон бир катар багыттар каралды.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 26-29-февралына пландаштырылган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Министрлик конференциясынын алдында ык-амалдарды координациялоо, транспаренттүүлүк проблематикасын жана ДСУда көрсөтүү үчүн ЕАЭБ чаралары боюнча нотификациялардын долбоорлорун даярдоо маселелерин талкуулоо үчүн Женевада Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин бир катар туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилиги менен консультациялар өткөрүлдү.