Жаңылыктар

06.09.2022 (Обновлено: 14.09.2022 11:44)

ЕЭК ЕАЭБде металлургия тармагын чийки зат менен камсыз кылуу маселелерин биргеликте чечүүгө карата натыйжалуу мамилелерди талкуулоодо

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун өкүлдөрү 6-сентябрда Нур-Султанда болуп өткөн жыл сайын өткөрүлүүчү PRO Lom металл сыныктары боюнча конференциясынын алкагында билдиришти.

Форумдун катышуучулары жакынкы перспективадагы өзгөрүүлөргө, учурдагы экономикалык жагдайда металл сыныктарын даярдоочулар үчүн өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө, кара жана түстүү металлды кайра иштетүү боюнча инновациялык техниканы жана технологияларды пйадаланууга, логистиканы өнүктүрүүгө тиешелүү тармактын бир катар негизги маселелерин талкуулашты.

"Азыркы шарттарда Комиссиянын аянтчасында ЕАЭБдин ички рыногунда металл сыныктарынын тоскоолдуктарсыз өткөрүлүшүн камсыз кылуу боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин консолидациялоо, жаңы логистика чынжырларын түзүү, металл сыныктарын даярдоо тармагын өнүктүрүү боюнча кошумча чараларды кабыл алуу, металл сыныктарын ташуу чөйрөсүндөгү логистиканы өнүктүрүү үчүн ЕАЭБдин интеграциялык потенциалын пайдалануу абдан маанилүү", – деп айтылат ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын ЕЭКтин өнөр жай саясаты депаратментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян иш-чаранын катышуучуларына окуп берген саламдашуу сөзүндө.
ЕЭКтин маалыматтары боюнча, ЕАЭБде кара металлдарды даярдоо потенциалы жылына 40-80 млн тоннаны түзөт. Болот өндүрүү үчүн металл сыныктары колдонулган электр болот эритүү кубаттуулуктарынын көлөмү 40-50 млн тоннаны түзөт.

Ошону менен бирге, эл аралык санкицялык чаралардан улам калыптанган татаал экономикалык жагдайга байланыштуу, металлургия тармагы бир катар маселелерди чечүү боюнча ыкчам чечимдерди издөөгө байланыштуу сыноолорго туш келүүдө. Кеп салттуу логистика чынжырларынын бузулгандыгына байланыштуу ички жана тышкы рыноктордо металл продукциясын керектөөнүн төмөндөшү жөнүндө болууда. Келечекте бул ЕАЭБдин аймагында металл сыныктарын даярдоо көлөмдөрүнүн азайышына алып келиши мүмкүн.

Эксперттердин пикири боюнча, учурдагы жагдай ошол эле мезгилде кооперациянын өнүгүүсүн демилгелеши, курулушту жана ири инфраструктуралык долбоорлорду камсыз кылуу үчүн тармактын өндүрүүчүлөрүнүн ички рынокко карай багыт алышына өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Металлургия тармагын колдоо шарттарын түзүү үчүн Комиссия, 2021-жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынган, ЕАЭБ мамлекеттеринин металлургиялык ишканаларын чийки зат менен камсыз кылуу боюнча 2021–2024-жылдарга карата иш-чаралардын планын иштеп чыкты.

Планда металл сыныктарын чогултууга жана даярдоого багытталган чараларды иштеп чыгуу жана улуттук деңгээлде кабыл алуу, логистиканы оптималдаштыруу, металлургия тармагынын ишканаларын чийки зат менен камсыз кылуу максатында металлтардын, ошондой эле темирдин калдыктарын жана сыныктарын кайра иштетүүнүн инновациялык технологияларын киргизүү каралган.

Азыркы учурда тараптар металл сыныктарын даярдоо тармагын өнүктүрүү, Бирликтин металлургиялык ишканаларын чийки зат менен камсыз кылуу менен жагдайды жөнгө салуу үчүн алгачкы кадамдарды кабыл алышты.

Пландын иш-чараларын улуттук жана улуттан жогорку деңгээлде ишке ашыруу боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттери металл сыныктарын даярдоо тармагын колдоо жана өнүктүрүү жана ЕАЭБдин металлургиялык ишканаларын Бирликтин ички рыногунда узак мөөнөттүү негизде чийки зат менен стабилдүү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт, бул татаал экономикалык жагдайда металл сыныктарын даярдоочулардын жана керектөөчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет.

Тармакты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо боюнча конференциянын жыйынтыктары тармакты өнүктүрүүнүн жалпы маселелерин биргеликте чечүү жана металлургия тармагындагы кооперациялык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн жаңы импульс бермекчи.


Маалымат:

"Сибирь жана Ыраакы Чыгыш металл сыныктарын даярдоочулардын бирикмеси" Металл сыныктарын кайра иштетүүчүлөр ассоциациясы ("Про Лом" МКА) Россия Федерациясынын Сибирь жана Ыраакы Чыгыш федералдык округдарында кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын иштетүү боюнча тармактын 100дөн ашуун катышуучуларын бириктирген коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

"PRO Lom" Металл сыныктары боюнча тармактык конференциясы – тармактын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн салттуу кесиптик аянтча, анын ичинде Бирликтин алкагында. Иш-чаранын бул жылдагы негизги максаты – өнүгүү, өз ара аракеттенүү механизмдерин жакшыртуу жана өз ара аракеттенүү деңгээлин ачыгыраак жана туруктуураак кылууга жөндөмдүү чечимдерди издөө жагында Казакстандын жана Россиянын тармактык компанияларын бириктирүү. Конференцияга Россиянын жана Казакстандын ар түрдүү региондорунан келген 650дөн ашуун адам, алардын арасында – ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү, эки өлкөнүн металл сыныктарын даярдоо боюнча алдыңкы ишканалары, ошондой эле металл сыныктарын кайра иштетүү үчүн жабдууларды жана техниканы өндүрүүдөгү дүйнөлүк лидерлер катышышты.