Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Беларусь Республикасынын аймагына химиялык булаларды жана жиптерди өндүрүү үчүн алып келинген титан оксиддерин жылына 360 тоннадан ашык эмес көлөмдө, 2023-жылдын 31-декабрына чейин алып келүү бажы алымынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган тарифтик жеңилдик импорттоолуучу товарларды алып келүүнүн максаты тастыкталган учурда колдонулат.
"Бажылык-тарифтик жөнгө салуу чарасын кабыл алуу зарылчылыгы учурда белорус ишканалары үчүн зарыл болгон титан оксиддеринин Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө өндүрүлбөгөндүгүнө байланыштуу", – деп ЕЭКтин соода блогунда түшүндүрмө беришти.
Документ расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн
өткөндөн кийин күчүнө кирет.