Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган "Индонезия – ЕАЭБ" санариптик технологиялар боюнча диалогунун алкагында, ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин сооданы жөнгө салуунун атайын маселелери бөлүмүнүн башчысы Кира Данильчева Индонезия, ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттердин ортосунда эркин соода жөнүндө келишим түзүүнүн перспективалары жөнүндө маселе боюнча баяндама менен чыгып сүйлөдү.
"Келечектеги макулдашуу биздин өлкөлөрдүн бизнесинин ортосунда телекоммуникация, инновациялар, санариптик технологиялар жана электрондук соода чөйрөлөрүндө кызматташтыкты жана кооперациялык байланыштарды чыңдоо механизмдерин түзөт. Биз ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Индонезиянын бизнес-коомдоштуктарынын кызыкдар өкүлдөрүн келечектеги биргелешкен демилгелерге катышууга чакырабыз", — деп белгиледи Кира Данильчева.