Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
29.05.2025

ЕЭК ЕАЭБдин статистикалык маалыматтарынын сапатын баалоо боюнча биринчи отчетту даярдады

Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика боюнча консультативдик комитетинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин 2021-2025 — жылдарга карата статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү программасын жана 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун жылдык жыйынтыктары каралды.

Отурумдун катышуучулары ЕАЭБдин 2024-жылга карата расмий статистикалык маалыматтарынын сапатын баалоо тутуму боюнча отчетту талкуулашты. Консультативдик комитеттин мүчөлөрү бул иштин актуалдуулугун баса белгилеп, аны жыл сайын өткөрүү керек деген тыянакка келишти. Ошондой эле статистикага санариптик технологияларды киргизүү жарыялоолорду даярдоо мөөнөтүн кыйла кыскартат деп белгиленди.

Отчет ЕЭКтин Статистика департаменти тарабынан Бирлик мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте иштеп чыккан Бирликтин статистикалык маалыматтарынын сапатын баалоо боюнча колдонмосунун талаптарына ылайык даярдалды.

Статистика боюнча Консультативдик комитеттин кийинки отуруму 2025-жылдын октябрына пландаштырылган.

Статистика боюнча Консультативдик комитеттин отуруму жөнүндө кененирээк маалымат Статистика департаментинин "Статистика боюнча Консультативдик комитет" бөлүмүндө берилген.