Жаңылыктар

10.11.2023

ЕЭКте станок куруу тармагында импортко көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү маселелери көтөрүлүүдө

Бул тууралуу "Металл-Экспо 2023" жана Mitex 2023 эки ири эл аралык тармактык көргөзмө иш-чараларынын алкагында – Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Николай Рогожник билдирди.

"Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн алдында илимий-изилдөө бирикмелерин евразиялык технологиялык платформалардын ишине катышууга тартуу боюнча маанилүү милдет турат. Бул технологиялык эгемендүүлүккө жетүү жолунда ЕАЭБ мамлекеттеринин илимий потенциалын консолидациялоо үчүн зарыл", – деп белгиледи Николай Рогожник.

Иш-чаралардын талааларында Комиссиянын өнөр жай блогунун өкүлдөрү өнөр жайдын жана илимий-изилдөө чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен бир катар ишкер жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүп, алар менен тармактарды өнүктүрүү үчүн актуалдуу жана маанилүү маселелерди талкуулашты. Тараптар ЕАЭБ алкагында машина куруу тармагында кооперациялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

"Импортту ийгиликтүү алмаштыруунун мисалдары жана мүмкүнчүлүктөрү" тегерек столунун, "Жашоонун толук циклинин натыйжалары - стратегиялык инфраструктураны түзүүдөгү жаңы артыкчылык" сессиясынын жана "Электр инструменттери жана чакан механизация каражаттары рыногу. Абалы жана перспективалары" конференциясынын талкууларына катышууда Николай Рогожник даяр продукциянын бир катар аталыштары, компоненттик база жана аларды өндүрүү үчүн станоктор боюнча импортко көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү маселелерин көтөрдү. ЕЭК өкүлү конструктордук-изилдөө сегментинде интеграциялык өз ара иштешүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурду.

Форумдун талааларында Комиссиянын делегациясы курулуш-монтаждоо инструменттерин жана металл иштетүүчү жабдууларды өндүрүүгө, ошондой эле бул тармактагы технологиялык жана илимий-техникалык жетишкендиктерге тиешелүү экспозицияларга барышты.

Маалымат

MITEX Москва эл аралык көргөзмөсү – ЕАЭБ мамлекеттеринин да, КМШ өлкөлөрүнүн да инструменттердин өндүрүүчүлөрүн, жеткирүүчүлөрүн жана керектөөчүлөрүн бириктирген борбордук аймактык окуя.

"Металл-Экспо" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү - металл иштетүүчү заманбап жабдууларды өндүрүү жаатындагы техникалык жетишкендиктерди көрсөтүү жаатындагы борбордук окуялардын бири.

Жалпысынан иш-чараларга ар кайсы өлкөлөрдөн 1 миңден ашык компания катышты.