Жаңылыктар

22.03.2023 (Обновлено: 23.03.2023 13:51)

ЕЭК кесипкөй бухгалтерлерди сертификаттоо чөйрөсүндө нысапсыз атаандаштык үчүн Казакстандан жана Кыргызстандан компанияларга кайрадан жазапул салды

Жалпы суммасы үч миллионго жакын россиялык рубль өлчөмүндөгү жазапулдарды "Казакстан Республикасынын кесипкөй бухгалтерлеринин палатасы" бухгалтерлердин кесиптик уюму (Казакстан Республикасы), "Сертификатталган коомдук бухгалтерлердин евразиялык институту" жоопкерчилиги чектелген шериктештиги (Казакстан Республикасы), "Кыргызстандын кесипкөй бухгалтерлер жана аудиторлор институту" коомдук бирикмеси (Кыргыз Республикасы) жана "СИПАЕН" мекемеси (Кыргыз Республикасы) өз өлкөлөрүнүн бюджетине төлөшү керек болот.

Буга чейин ЕЭК Коллегиясынын 2023-жылдын 17-январындагы чечими менен бул компалияларга чек ара аралык рынокто коомдук бухгалтерлерди сертификаттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн нысапсыз атаандаштыгы үчүн жазапул дайындалган.

Жаңы иликтөө жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясына Россиядан, Казакстандан, Кыргызстандан жана Өзбекстандан бир катар чарбакер субъекттердин атаандаштардын мыйзамсыз жүрүм-туруму жөнүндө кайрылуусу негиз болгон.

Ишти кароонун жүрүшүндө аталган компаниялар www.cipaprogram.org сайтында өзүнүн сертификаттар реестринде башка уюмдар, анын ичинде арыз берүүчүлөр тарабынан берилген сертификаттар жөнүндө маалыматтарды жайгаштыргандыгы аныкталган. Ошондой эле сайтта айрым сертификаттардын аракети убактылуу токтотулганы же жокко чыгарылганы жана аларды активдештирүү/кайра чыгаруу үчүн бул уюмдардын бирине кошулуу талап кылынары жазылган.

Мындан тышкары башка да жалган маалыматтар табылган. Мисалы, айрым сертификаттардын чыгарылган датасы 1900-жыл деп белгиленген.

Комиссиянын Коллегиясы тарабынан кабыл алынган чечимге комментарий берип жатып ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов төмөнкүлөрдү белгиледи: "Компаниялар ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 76-беренесинин 2-пунктун бузушкан. Кеп нысапсыз атаандаштык жөнүндө болуп жатат. Атаандаштыкка каршы жүрүм-турум фактылары боюнча ЕЭКке келип түшкөн арыздардын эң көп саны дал ушул тартип бузуу менен байланыштуу экенин белгилеп кетким келет. Мисалы, 2022-жылы Комиссия тарабынан каралган 26 арыздардын ичинен 15и нысапсыз атаандаштыкка тиешелүү болгон".