Жаңылыктар

03.02.2023 (Обновлено: 10.02.2023 17:42)

ЕЭК Евразия тармактык университетинин колдоосу менен евразиялык интеграция боюнча жождор үчүн окуу куралын чыгарды

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн илимий-билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгын жана Евразия тармактык университетинин ишин өркүндөтүүнү Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Алматы Менеджмент Университетинин ректору (AlmaU) Гульнара Куренкеева талкуулашты. Жолугушуу 3-февралда Алматыда болуп өттү.

Алматы Менеджмент Университети өткөн жылы түзүлгөн Евразиялык тармактык университетинин катышуучусу болуп саналат. Бүгүнкү күнү тармактык университетке ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнөн 19 жож кирет.

Сергей Глазьев баса белгилегендей, интеграциялык процесстердин кыймылынын логикасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий-билим берүү чөйрөсүндө кызматташтыгын өнүктүрүү зарылчылыгына түртөт.

"Адам капиталы стратегиялык ресурс болуп саналат, аны өнүктүрүүсүз туруктуу өсүштүн траекториясына чыгуу мүмкүн эмес, - деп белгиледи ЕЭК министри. - Буга байланыштуу Евразия тармактык университетинин катышуучуларынын ЕАЭБдин жалпы эмгек рыногу үчүн кадрларды кесиптик даярдоо жаатында өз ара иштешүүсүн активдештирүү маанилүү".

Сергей Глазьев ошондой эле КМШ мейкиндигинде бизнес-билим берүү чөйрөсүндө Алматы Менеджмент Университетинин чоң тажрыйбасы бар жогорку окуу жайы катары бул процесстеги маанилүү ролун баса белгиледи.

ЕЭК министри Алматы Менеджмент Университетинин иши жана анын илимий-методологиялык базасы менен таанышты. Университеттин өкүлдөрү студенттер, магистранттар жана докторанттар үчүн окуу программасын, ошондой эле адистер, ишкерлер жана башкаруучулар үчүн иштелип чыккан кесиптик кайра даярдоо программаларын сунушташты.

Өз кезегинде Сергей Глазьев Евразия тармактык университетинин катышуучу-жождорунун илимий колдоосу менен Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан "Евразия экономикалык интеграциясы: теория жана практика" окуу куралын университеттин китепкана фондуна өткөрүп берди.

"Окуу куралы Бирлик өлкөлөрүнүн билим берүү чөйрөсүндө өз ара иштешүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз", - деди ЕЭК министри.

Маалымат

Евразия тармактык университетин (ЕТУ) түзүү боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2022-жылдын 25-майында Бишкекте Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы жождорунун ректорлору кол коюшкан.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгы 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык багыттарынын 10.1 жана 10.2 пункттарында каралган. Бул чөйрөдөгү ишке ашыруунун механизмдери ЕАЭБ эмгек ресурстар рыногун андан ары өнүктүрүүгө багытталган.

"Евразия экономикалык интеграциясы: теория жана практика" колдонмосунда интеграцияны өнүктүрүүнүн бардык функционалдык багыттары боюнча ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан макулдашылган, балансталган чечимдерди иштеп чыгуунун укуктук негиздери, форматтары жана практикасы кеңири баяндалган. Китептин авторлоштору ЕЭКтин кызмат адамдары жана кызматкерлери болушкан. Китепти даярдоо боюнча жумушчу топту ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри, экономика илимдеринин доктору, профессор, РИА академиги Сергей Глазьев жетектеди. Окуу куралы эл аралык экономикалык мамилелер, мамлекеттик жана коммуналдык башкаруу, эл аралык укук сыяктуу багыттар боюнча студенттер, магистранттар, аспиранттар, ошондой эле жогорку окуу жайларынын окутуучулары үчүн арналган.

Алматы Менеджмент Университети (AlmaU) 1988-жылы негизделген жана жаңы муундагы менеджерлерди чыгарган КМШдагы бизнес-билим берүү лидерлеринин бири болуп саналат. Университеттин эсебинде - КазРда ишкерлердин менеджменти боюнча окутуу, КазРда МВА жана DBA боюнча биринчи программалар, мыкты окутуучулар жана талап кылынган бүтүрүүчүлөр.