Тизмек Комиссиянын Кеңешинин 2021-жылдын 12-ноябрындагы № 130 чечими менен бекитилген, ЕАЭБдин бажы аймагында шайкештикти милдеттүү баалоого жаткан продукцияны ЕАЭБдин бажы аймагына киргизүүнүн тартибин жүзөгө ашыруу үчүн, Казакстан Республикасынын Айыл-чарба министрлиги тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыгарылган.
Тизмеге эт продукциясынын 11 тобуна карата ЕАЭБ ТЭИ ТНнын онунчу белгисине чейин 282 деталдаштырылган коду киргизилген. Документ тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына багытталган жана бажылык башкаруу үчүн колдонулат.