Жаңылыктар

02.06.2022 (Обновлено: 16.06.2022 14:57)

ЕЭК Өзбекстандын мамлекеттик органдары үчүн техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча окутуу семинарларын улантууда

Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2021-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планынын алкагында, Комиссия Өзбек техникалык жөнгө салуу агенттигинин адистери жана Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын башка кызыкдар өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү.

"Бул семинарлар маанилүү жана зарыл, анткени алар биздин өзбек коллегаларыбызга Бирликтин техникалык жөнгө салуу тутумунун негизги аспектилери жөнүндө маалымдоого багытталган, – деп баса белгиледи техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Лили Максудян. - Алар биздин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамилелерибизди шайкеш келтирүүгө көмөктөшөт жана коллегаларыбызга Бирликте продукцияга карата белгиленүүчү талаптарды колдонуунун иш жүзүндөгү тажрыйбасы менен таанышууга жардам берет".

Семинарда продукцияга карата бирдиктүү милдеттүү талаптар жөнүндө маалымат берилди, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо, Бирликтин ички рыногун коргоо чараларын колдонуу, ЕАЭБде продукциянын коопсуздугунун талаптарынын сакталышын контролдоо (көзөмөлдөө) жана "ЕАЭБ алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралды.
Техникалык жөнгө салуу департаментинин жана Бирликтин өлкөлөр

үнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү өзбек кесиптештерин кызыктырган суроолорго, атап айтканда, бажы чек арасына киргизгенге чейин импорттолуучу продукциянын шайкештигин тастыктоо ченемдерин жана механизмдерин колдонуу практикасына, белгиленген талаптарга ылайык келбеген продукцияны ташып келүүгө бөгөт коюунун натыйжалуу ыкмаларын жана жол-жоболорун киргизүү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасына, азыркы реалдуулукта Бирликтин рыногунда продукцияны рынокко чыгаруу жол-жоболоруна байланышкан суроолоруна жооп беришти. Аккредитациялоо, продукцияны мамлекеттик контролдоо жана каттоо, Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсү маселелери козголду.

Өзбекстандын техникалык жөнгө салуу агенттигинин башкы директорунун орун басары Абдурауф Абдукаюмов берилген маалымат жана кызматташтык үчүн ЕЭКке ыраазычылык билдирди, бул ЕАЭБ талаптарына ылайык техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иштеги Өзбекстандын кийинки кадамдарын түшүнүүгө жардам берет, анткени бул чөйрө Өзбекстандын Бирлик менен өз ара аракеттенүүсүндө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Тараптар тажрыйба алмашуу жана ЕАЭБ менен Өзбекстанда техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу максатында мындай семинарларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүү жөнүндө макулдашышты.

Маалымат
Өзбекстан Республикасынын инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин алдындагы Өзбекстандын техникалык жөнгө салуу боюнча агенттиги Өзбекстан Республикасынын Президентинин 02.06.2021-жылдагы № УП-6240 "Техникалык жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик башкарууну түп-тамырынан өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, Өзбекстандын стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо агенттигинин базасында түзүлгөн.
Агенттик - "Өзстандарт" ("Узстандарт") агенттигинин укуктар, милдеттенмелер жана келишимдер боюнча, анын ичинде эл аралык келишимдер боюнча укуктук мураскери болуу менен техникалык жөнгө салуу жана метрология жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруунун республикалык органы.