Транспорт чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн келечегин, автомобиль, темир жол, суу жана аба транспорту чөйрөсүндө жөнгө салууну аныктоочу документтерди даярдоонун проблематикасын Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Беларустун транспорт жана коммуникациялар министри Алексей Ляхнович менен талкуулады. Жолугушуу ЕЭК министринин 15-17-ноябрда Минскке сапарынын алкагында болуп өттү.
Тараптар 2024-2026-жылдарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт саясатынын Негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча жол картасын даярдоону кеңири карап чыгышты. Арзыбек Кожошев эксперттик деңгээлде принципиалдуу пикир келишпестиктер аныкталган жол картасынын иш-чараларын белгилеп, иштин алгоритмин сунуштады.
"Бул этапта дискуссияларды документтин долбоорунун алкагынан алып чыгуу, Комиссиянын консультативдик, кеңешме аянтчаларында талаш жараткан редакциялар боюнча ишти улантуу, компромисстик чечимдерге жетишүү жана жол картасын толуктоо өтө маанилүү. Документ өкмөт башчылары тарабынан 2024 – жылдын I жарым жылдыгында кабыл алынышы керек", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Евразия жана беларус министрлери Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилеринин кеңешинин кезектеги отурумунда транспорт саясатын ишке ашыруу маселелерин, тармактык интеграция көйгөйлөрүн жана анын келечегин талкуулоону макулдашышты.
Маалымат
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатынын Негизги багыттарын жана ишке ашыруу этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 19 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун Негизги багыттары жана этаптары жөнүндө" чечимин аткаруунун алкагында ар бир үч жыл сайын түзүлөт. Азыркы учурда 2024-2026-жылдарга карата жол картасынын үстүндө иштер жүрүп жатат.