Мониторинг көрсөткөндөй, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мамлекеттериндеги мамлекеттик башкаруу секторунун карызы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген чектерде түзүлгөн.
Бир катар өлкөлөрдө карыздын деңгээли ИДӨгө салыштырмалуу төмөндөгөн: Кыргызстанда – 13,1%га чейин, Россияда – 13,6%га чейин. Арменияда жана Казакстанда ички карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу карыздын ИДӨгө карата көрсөткүчтөрү тиешелүүлүгүнө жараша 48,2%га жана 23,2%га чейин өскөн.
Бирликтин көпчүлүк өлкөлөрүндө мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин балансы да белгиленген маанилердин алкагында түзүлгөн: Казакстанда жана Россияда тиешелүүлүгүнө жараша орточо тартыштык – ИДӨнүн 0,7% жана ИДӨнүн 1,2% өлчөмүндө, Кыргызстанда – ИДӨнүн 3,5% деңгээлинде бюджеттин профицити. Биринчи кезекте бюджеттерге колдоону салыктык жана салыктык эмес кирешелердин өсүшү көрсөттү. Армения Республикасы өзгөчө болду, анда бюджеттин тартыштыгы калкты социалдык колдоого чыгымдардын көбөйүшүнө байланыштуу ИДӨнүн 3,5%ын түзүп, белгиленген мааниден ашкан.