Жаңылыктар

18.06.2024

ЕЭК тамак-аш тузунун керектөөчүлөрүнө сурамжылоо жүргүзөт

Евразия экономикалык комиссиясына атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арыз менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин биринин тамак-аш тузун өндүрүүчүсү кайрылган.

Арызды кароонун алкагында ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти Атаандаштык абалын баалоо методикасына ылайык тамак-аш тузунун товардык рыногундагы атаандаштыктын абалына баа берүүнү жүргүзөт.

Товардын таңгактарында окшоштуктун болушуна (жоктугуна) карата керектөөчүлөрдүн пикирин аныктоо максатында Департамент керектөөчүлөрдү сурамжылоону жүргүзөт.

Анкеталарда жооптордун бир же бир нече вариантын тандоону камтыган суроолор, ошондой эле жооптордун өз вариантын берүүнү сунуштаган ачык суроолор берилет. Натыйжалар автоматтык түрдө электрондук почта аркылуу ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментине жөнөтүлөт. Сурамжылоо анонимдүү болуп саналат.

Анкетаны бул жерден толтурууга болот.