Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов 24-июндан 12-июлга чейин Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында болуп өткөн, БУУнун эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) сессиясына катышты.
Сессиянын катышуучулары эл аралык инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча консультациялык борбордун уставынын долбоорлорун, ошондой эле эл аралык инвестициялык талаш-тартыштардын кесепеттерин жеңилдетүүнүн алдын алуу боюнча инструментарийди талкуулашты.
Сапардын жүрүшүндө ЕЭК министри ЮНСИТРАЛдын катчысы Анна Жубан-Бре жана ЮНСИТРАЛдын "Инвесторлор менен мамлекеттин ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу реформасы" III Жумушчу тобунун катчысы Джэ Сон Ли менен жолугушту. Инвесторлор менен мамлекеттердин ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу тутумун реформалоо, ошондой эле эл аралык инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча консультациялык борборду түзүү маселелери талкууланды.
"Биз консультативдик борбор түзүлгөн учурда жана ЕАЭБ менен ЮНСИТРАЛдын бардык мамлекеттери кызыкдар болгон шартта, аймактык экономикалык интеграциялык уюм катары анын ишине кошулуу мүмкүнчүлүгүн карайбыз", – деп белгиледи Бахыт Султанов.Мындан тышкары, ЕЭК министри жана ЮНСИТРАЛ катчысы эки уюмдун өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө меморандум түрүндө түзүлгөн жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамилелерди формалдаштыруу жөнүндө макулдашышты.
БУУнун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясы (ЮНСИТРАЛ) БУУ тутумунун эл аралык соода укугу жаатындагы негизги органы болуп саналат.
ЮНСИТРАЛ эл аралык келишимдик практика, товарларды коштоочу документтер, кудуретсиздик, электрондук соода, ошондой эле талаш-тартыштарды, анын ичинде инвесторлор менен мамлекеттердин ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу сыяктуу бир катар тармактарда мыйзам чыгаруу инструменттерин даярдоо менен алектенет.