Жаштар форумунун алкагында Бирликтин өлкөлөрүнүн, ошондой эле Өзбекстандын кесипкөй жаштарынын өкүлдөрү ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын орун басарлары, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана КМШнын Аткаруучу комитетинин Төрагасы – Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушушту.
"Бул биздин мейкиндикте буга чейин болуп көрбөгөн жаркын, тарыхый окуя болду. Алты мамлекеттин кесипкөй жаштарынын өкүлдөрү алгачкы жолу өздөрүнүн демилгелерин түздөн-түз, ачык айта алышты жана өкмөт башчыларынын орун басарларынан жана эл аралык уюмдардын жетекчиликтеринен дароо түшүндүрмөлөрдү ала алышты", – деп Данияр Турусбеков баса белгиледи.Атап айтканда, жаш лидерлер төмөнкүлөрдү сунуш кылышты:
Евразия ишкердик коомдоштуктарынын түзүлүшүн демилгелөөнү,
жаштар туризмин өнүктүрүү программасын кабыл алууну,
волонтёрлукту колдоону,
академиялык мобилдүүлүк фондун жана программасын уюштурууну,
санариптик вакансияларга жетүүнү жеңилдетүүнү ж.б.
"ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Владимировичтин тапшырмасы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Жаштар кеңеши бардык демилгелерди контролго алат – сунуштар сөзсүз түрдө каралат. Биз ЕЭК Коллегиясынын Төрагасына бизге көрсөткөн жеке колдоосу үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жакынкы убакытта биз Комиссиянын Жаштар кеңешинин отурумун өткөрүп, форумдун жыйынтыктарын талкуулайбыз", – деди ЕЭКтин протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору, Жаштар кеңешинин төрагасы.ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Жаштар форумунун ачылышында ЕАЭБдин жаштар күн тартибин өнүктүрүүнүн алкагында төмөнкүлөрдү сунуш кылды:
- жаштардын демилгелерин колдоо фондун түзүүнү;
- Бирликтин мүчө мамлекеттеринин жаштарынын кайрылууларын кароо үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын "бирдиктүү терезесин" түзүүнү;
- ЕАЭБде окуп жаткандарга, негизги кесиптик жогорку билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткандарга Комиссияда практика өтүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү.
Данияр Турусбековдун айтуусу боюнча, жаштар ишкердигин өнүктүрүү ЕАЭБде бизнести өнүктүрүүнүн негизги милдеттеринин бирине айланууда. Ишкердикти демилгелөөгө өбөлгө түзүүчү негизги факторлордун бири – натыйжалуу ишкердик коомдоштуктар болуп саналат.
"Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси жана жеке колдоосу менен Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форуму өткөрүлдү, – деп белгиледи ЕЭКтин протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору. – Бул жылы форумду өткөрүү боюнча бардык милдеттенмелерди кыргыз тарап өзүнө алды. Бирок бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чарага айланат деген үмүттөбүз. Россиялык кесиптештерибиз 2023-жылдагы ЕАЭБдеги төрагалыгынын алкагында жаштар менен диалогду улантууга бекем ниетин билдиришти. Иш-чара жаштардын өкүлдөрүн да, мамлекеттик бийлик органдарынын жана ЕЭКтин өкүлдөрүн да абдан шыктандырды. Жаштарыбызды евразиялык интеграциянын иштөө процесстерине тартуу абдан маанилүү.Ошондой эле, брифингге Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков катышты.