Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча сунуштаманы кабыл алды.
Бирликтин мамлекеттерине Сатып алуучулардын корголуу деңгээлин баалоо үчүн мындай изилдөөлөрдү жүргүзүүгө карата мамилелерди эске алуу сунушталат. Мамилерде, атап айтканда, социологиялык сурамжылоолордун жүрүшүндө жүзөгө ашырылган изилдөөлөрдүн максаттары жана милдеттери аныкталган. Милдеттердин катарында - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээли жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу; калктын мындай корголуу деңгээлине канааттануусунун көрсөткүчтөрүнүн динамикасын талдоо; адамдардын укуктары жана коргоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун изилдөө; эң натыйжалуу маалымат каналдарын колдонуунун негизинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча калк арасында маалыматтык-агартуу иштерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана башка бир катар милдеттер бар.
Документ Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү биргелешкен аракеттеринин программасына ылайык иштелип чыккан жана бул чөйрөдө Бирлик өлкөлөрүнүн жарандарынын укуктук корголушу жөнүндө коомдук пикирди изилдөөгө арналган биргелешкен социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн биринчи этабы болуп саналат.
Изилдөөнүн жыйынтыктары ЕАЭБде керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо кепилдиктерин күчөтүүгө багытталган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн колдонулат.