БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын ички транспорт боюнча комитетинин 87-сессиясынын алкагында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов БУУ ЕЭКтин аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен жумушчу жолугушуу өткөрдү жана бажы тармагында кызматташуу маселелерин талкуулады.Тараптар транспорттук коридорлорду, бажы транзитин өнүктүрүү жана өткөрүү пункттарын ыңгайлаштыруу боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле тышкы экономикалык ишмердиктин натыйжалуулугун жогорулатууга жана ТЭИ катышуучуларынын чыгымдарын оптималдаштырууга мүмкүндүк берген инструмент катары "бирдиктүү терезе" механизмин киргизүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык комиссиясы менен БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын кызматташтыгын тереңдетүү жөнүндө, анын ичинде 2013-жылдан бери иштеп жаткан Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумдун алкагында макулдашууларга жетишилди.