Жаңылыктар

27.04.2023

ЕЭК техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө КНР менен өз ара иштешүүнү өнүктүрүүдө

27-апрелде Кытай Эл Республикасынын Экология жана айлана чөйрө министрлигинин эксперттеринин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин жана Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыктын (SAMR) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуу ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Татьяна Николаеванын жана SAMRнын Эл аралык кызматташтык департаментинин башкы директорунун орун басары Ма Вэньсюнун жетекчилиги алдында өттү.

2022-жылдын майындагы ушундай эле биринчи жолугушуунун алкагында жетишилген макулдашууларга ылайык, тараптар ЕАЭБдин жана КЭРдин рынокторуна дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын жана химиялык продукциянын жеткиликтүүлүгү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, кытайлык кесиптештер жаңы химиялык заттарды каттоо тутумун түзүү жана колдонулуучу химиялык заттардын реестрин жүргүзүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү, бул ЕАЭБде Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентке карата экинчи деңгээлдеги документтерди иштеп чыгууда актуалдуу болуп саналат.

Кытайлык тарап кезектеги жумушчу жолугушуулардын биринин алкагында КЭР менен Бирлик мамлекеттеринин ортосунда шайкештикти баалоонун жыйынтыктарын өз ара таануу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуштады. Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаменти тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрү менен КЭРдин ортосундагы өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо жаатындагы кызматташтыктын багыттарын иштеп чыгуу жөнүндө сунуш айтылды.

Жолугушуунун катышуучулары талкууланган маселелер боюнча кошумча маалымат алмашууну жана конкреттүү тематика боюнча эксперттердин ортосунда жумушчу өз ара аракеттенүүнү орнотууну макулдашышты.

Маалымат

Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрация (SAMR) 2018-жылы административдик реформа процессинде түзүлгөн жана рыноктун ар кандай чөйрөлөрдө кеңири ыйгарым укуктарга ээ жөнгө салуучусу болуп саналат. Алардын арасында — азык-түлүк коопсуздугу, атаандаштыкты коргоо жана монополиялардын ишмердиги, рынок субъекттерин каттоо, өнөр жай коопсуздугу, стандартташтыруу, метрология, сыноолор, текшерүүлөр, шайкештикти баалоо, мамлекеттик көзөмөл, сапатты контролдоо, улуттук сапат инфраструктурасын түзүү.