Жаңылыктар

24.06.2022 (Обновлено: 05.07.2022 11:07)

ЕЭК ЭЭБнын регионалдык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте ири мүйүздүү малдын губка сымал энцефалопатиясы боюнча семинар өткөрдү

Евразия экономикалык комиссиясы жана ЭЭБнын Москвадагы жана Нур-Султандагы регионалдык өкүлчүлүктөрү тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ветеринардык кызматтары үчүн уюштурулган семинарда ири мүйүздүү малдын губка сымал энцефалопатиясы (ИММ ГЭ) боюнча дүйнөдөгү, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндөгү учурдагы жагдай маселелери, аталган оору боюнча өлкөнүн тийиштүү статусун алуу үчүн аларды аткаруу зарыл болгон, Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (ЭЭБ) талаптары, ошондой эле аталган статусту алуу механизмдери каралды.

"ИММ ГЭ боюнча контролдонуучу же төмөн тобокелдиги менен өлкөнүнүн статусун алуу бүгүнкү күндө актуалдуу болууда, анткени өлкөнүн мындай статусунун болушу ага өзүнүн экспорттук потенциалын олуттуу түрдө бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Бирликтин өлкөлөрү үчүн – бул экспортту көбөйтүүнүн маанилүү милдеттеринин бири", – деп ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко баса белгиледи.

Семинардын ишине ЭЭБнын алдыңкы эксперттери жана ЕАЭБ мамлекеттеринин ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери катышышты. Ири мүйүздүү малдын губка сымал энцефалопатиясы боюнча дүйнөдөгү эпизоотикалык жагдай жана бул оору боюнча ЭЭБнын статусун алуу боюнча маалымат берилди. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тажрыйба алмашышты.

Семинардын жүрүшүндө алынган маалыматтар жана билим Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген, учурда иштеп жаткан ченемдик актыларды өркүндөтүүдө жана жаңы ченемдик актыларды, атап айтканда, Жаныбарлардын оорулары боюнча өлкөнүнүн статусу жөнүндө ЭЭБ сертификаттарын алууда ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүү тартибин иштеп чыгууда колдонулат, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ветеринардык кызматтарына, ЭЭБнын сунуштамаларын жана дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен, өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарына ИММ ГЭни козгогучтардын алып келинишинин алдын алууга багытталган иш-чараларды өткөрүүдө, ошондой эле бул оору боюнча ЭЭБнын тийиштүү статусун алууга жардам берет.

Семинар Комиссиянын жана ЭЭБнын 2022–2024-жылдарга карата биргелешкен ишмердигинин программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Маалымат

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму (ЭЭБ) бүткүл дүйнөдөгү жаныбарлардын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликтүү болгон, өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Ал БСУнун референттик уюму катары таанылган.

ЭЭБдин негизги милдети – жаныбарлардын саламаттыгын жана бакубатчылыгын, ветеринардык саламаттыкты сактоону жакшыртуу. ЭЭБдин мүчөлүгүнө 182 мамлекет, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү кирет.

Ири мүйүздүү малдын губка сымал энцефалопатиясы (ИММ ГЭ) – узак инкубациялык (жашырын) мезгили менен өнөкөт оору, аны диагностикалоо жана эпизоотикалык жайгдайды мониторингдөө олуттуу уюштуруучулук күч-аракеттерди жана материалдык чыгымдарды талап кылат. Өлкөдө бул оорунун катталышы мал этинин жана ири мүйүздүү малды союудан алынган башка продукциянын Бирликтин башка мамлекеттерине өткөрүлүшүн, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө экспортун кескин түрдө чектейт (тыюу салууга чейин).

ЕЭК Кеңешинин 2017-жылдын 10-ноябрындагы № 79 чечими менен бекитилген Жаныбарлардын өтө кооптуу, карантиндик жана зооноздук оорулары чыккан жерлердин алдын алууда, аныктоода, токтотууда жана жок кылууда ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн жана регионалдаштыруу жана компартменттештирүү тартибин жаңы "Эл аралык эпизоотикалык бюронун жаныбарлардын оорулары боюнча өлкөнүн статусу жөнүндө сертификаттарын алууда ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү" бөлүмү менен толуктоо пландаштырылууда, анда семинардын жүрүшүндө алынган маалыматтар да колдонулмакчы.