Евразия экономикалык бирлигинин "Суюк жана газ түрүндөгү көмүрсуутектерди ташуу үчүн магистралдык өткөрмө түтүктөргө талаптар жөнүндө" техникалык регламентине (ЕАЭБ ТР 049/2020) карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа жаңы редакцияда бекитилди.
Өзгөртүүлөр программада каралган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун натыйжаларын, ошондой эле колдонуудагы стандарттардын тизмегине киргизилген стандарттарды колдонууну эске алуу менен техрегламентке далил базасын актуалдуу абалда кармап туруу үчүн даярдалган.
Программага ылайык 24 МАМСТ иштеп чыгуу каралган, алардын 14ү – Казакстан менен Россиянын улуттук стандарттарынын негизинде. 2024-2025 – жылдары он, 2025-2026 – жылдары төрт, 2025-2027-жылдары тогуз мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу белгиленген, дагы бир МАМСТ 2029-жылга чейин иштелип чыгышы мүмкүн.