Жаңылыктар

10.01.2023 (Обновлено: 16.01.2023 09:50)

ЕЭК электрондук автопаспорттор тутумунун катышуучуларынын курамына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук операторлорун киргизди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассилеринин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун тутумунун катышуучуларынын курамына Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн электрондук паспорттор тутумунун улуттук операторлорун киргизди. 

Улуттук операторлорду электрондук паспорттор тутумунун катышуучуларынын тизмегине киргизүү аларга жүктөлгөн функцияларды толук өлчөмдө жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. Алар электрондук паспорттордун базасына, ошондой эле электрондук паспортторду жол-жоболоштурууга ыйгарым укуктуу органдардын жана уюмдардын реестрине толук жеткилик алышат.

Маалымкат

ЕЭК Коллегиясынын бул тема боюнча негизги чечимдеринин катарында - 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 "Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассилеринин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун тутумунун иштөө тартибин бекитүү жөнүндө", 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 112 "Транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассилеринин), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун (электрондук паспортторун) жол-жоболоштурууну жүзөгө ашыруучу ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын (уюмдарынын) жана транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассилерин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу уюмдардын бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө".