Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
19.03.2024

ЕЭК алымсыз сооданын бажы жол-жобосу колдонулбаган товарлардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы дьюти-фри дүкөндөрүндө товарларды сатуу үчүн салмак жана габариттер боюнча чектөөлөрдү алып салды. Буга чейин оор салмактагы (салмагы 20 кг ашык) жана көлөмдүү (узундугунун, туурасынын жана бийиктигинин суммасы боюнча 200 см-ден ашык өлчөмдө) товарларды сатууга тыюу салынган.

Ошондой эле, чекене сатуу үчүн даярдалган жана даяр буюмдар түрүндө керектөө идишине салынган, ташып чыгуу бажы алымдары салынуучу товарлар тыюу салуудан чыгарылды.

Чечим алымсыз соода дүкөндөрүндөгү товарлардын ассортиментин кеңейтүү максатында ЕАЭБ бизнес коомчулугунун тиешелүү сурамынын алкагында кабыл алынды.

Маалымат

Чектөөлөр Армения Республикасында өз күчүн сактап калат.