Жаңылыктар

14.03.2023 (Обновлено: 16.03.2023 09:04)

ЕЭК "Энтеросгель" дары препаратынын рыногунун айрым субъекттерине карата иш козгоду

Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти Беларусь Республикасында медициналык колдонуу үчүн катталган, "Полиметилсилоксан полигидрат" таасир этүүчү заты бар дары-дармек препараттарын дүңү менен сатуунун чек ара аралык рыногунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө ишти кароону баштады. Мындай препараттардын бири "Энтеросгель" болуп саналат.

Иш монополияга каршы иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча башталган, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин укугу менен тыюу салынган атаандаштыкка каршы макулдашуунун белгилери аныкталган. Россия менен Беларустун чарбакер субъекттеринин ортосундагы дары-дармек препараттарын жеткирүү келишиминде чек ара аралык рынокто атаандаштык үчүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон шарт бар. Сатып алуучу андан ары сатуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз дары-дармек препараттарын сатып алуу баасынан төмөн сата албасы белгиленген.

Мындан тышкары, Беларустун аймагында монополиялык жогорку бааны белгилөө жагында "Полиметилсилоксан полигидрат" таасир этүүчү заты бар дары-дармек препараттарынын рыногунда россиялык субъекттин үстөмдүк кылуучу абалын кыянаттык менен пайдалануу мүмкүндүгүнүн белгилери аныкталган. ЕЭК Департаменти аталган дары-дармек препараттарын Бирлик өлкөлөрүнөн Беларуска жеткирүүчү дистрибьюторлордун чектелген санына, ошондой эле ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндөгү ошондой эле рынокторуна салыштырмалуу алардын жогорулатылган наркына көңүл бурган.

Россиялык чарбакер субъект Беларустун аймагында гана аталган товардык рынокто үстөмдүк абалына ээ болгондугуна байланыштуу, тиешелүү материалдар Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигине жөнөтүлгөн.

ЕАЭБдин укугу менен "бешилтик" өлкөлөрүнүн улуттук монополияга каршы органдарынын, ошондой эле иш боюнча потенциалдуу тартип бузуучулардын катышуусу менен ишти кароо үчүн 120 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөт аныкталган. Бул мезгилде "Полиметилсилоксан полигидрат" таасир этүүчү заты бар дары-дармек препараттарынын рыногунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу белгилеринин бар же жок экендигин аныктоо зарыл.

Ишти кароонун жыйынтыктары чечим кабыл алуу үчүн ЕЭК Коллегиясына сунушталат.