2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүндө ички дүң продуктунун өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда (Арменияда 6,0%га, Беларуста 4,5%га, Казакстанда 4,1%га, Кыргызстанда 8,4%га, Россияда 4,2%га), ал эми ЕАЭБ ИДӨсүнүн өсүш арымы бул мезгилде 4,2%га өскөн.
Бирликтин бардык өлкөлөрүндө экономикалык өсүштүн негизги булактары дүң жана чекене соода, кайра иштетүүчү өнөр жай жана курулуш болду. Экономиканын өсүшүнүн жогорку арымдары ошондой эле Арменияда кыймылсыз мүлк операцияларынын, Беларустун жана Казакстандын – айыл чарбасынын, Кыргызстандын жана Россиянын – каржылык жана камсыздандыруу ишмердигинин эсебинен камсыздалган.
ЕЭК Бирликтин ИДӨсүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 4,1%га өсүшүн күтөт.
2024-жылдын январь-сентябрь айларындагы ички дүң өнүм жөнүндө маалыматтар: