Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров Дүйнөлүк бажы уюмунун (ДБУ) Кеңешинин Брюсселдеги (Бельгия) штаб-квартирасында отурумуна катышты.
"ДБУ Кеңешинин ар жылдык отурумдарына Комиссиянын катышуусу ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча блогунун ишинин актуалдуу багыты болуп саналат жана бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү процессине тартылган эл аралык бажы коомдоштугу жана эл аралык уюмдар менен жемиштүү диалог түзүүгө мүмкүндүк берет", — деп белгиледи Эльдар Алишеров.
Иш-чаранын алкагында ДБУнун 2023–2024-жылдары эл аралык бажы кызматташтыгынын институционалдык өнүктүрүү, тариф маселелери (товарлардын келип чыгышы, баалоо жана классификациясы), мыйзамдарды сактоо жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ДБУ саясаты, каржы сыяктуу багыттары боюнча иштери жөнүндө отчеттор каралды.
Отурумдардын негизги темалары бажылык башкаруу инструменттерин өркүндөтүү, бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ДБУнун жумушчу органдарынын ишмердигинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берүү болду.
Эльдар Алишеровдун пикири боюнча, мындай кызматташтыктын келечеги айкын — Кеңештин алкагында мүчө мамлекеттердин бажы тутумдарында макулдаштыктын жана бирдейликтин эң жогорку даражасы камсыз кылынат, буга байланыштуу бажы технологияларын жана бажы мыйзамдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү менен байланышкан проблематика изилденүүдө. Ошону менен катар, Комиссия ДБУнун байкоочусу катары эл аралык бажы коомдоштугунда Евразия экономикалык бирлигинин оң образын калыптандырууда.
Комиссия менен ДБУ Кеңешинин кызматташуусу, ошондой эле ЕЭК менен ДБУ ортосунда 2016-жылдын 17-июнундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында ДБУнун техникалык комитеттеринин отурумдарына ЕЭК өкүлдөрүнүн катышуусу мындан ары да улантылмакчы.