Ушул жылдын сентябрь айында Евразия экономикалык комиссиясында туруктуу иштеген эксперттик топ транзиттик декларациялардын түзүмдөрүнүн ар кандай түрлөрүн транзиттик декларациялардын бирдиктүү түзүмүнө бириктирүүнү макулдаган. Мындай бириктирүү электрондук транзиттик декларацияларды түзүүнү жана иштетүүнү жөнөкөйлөтөт, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары жана бажы органдары үчүн декларациялоодо убакыттык жана каржылык чыгымдарды азайтат.
Электрондук бажы документтери бизнес менен бажы органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө кеңири колдонула баштады.
Электрондук транзиттик декларациянын жаңы түзүмүн иштеп чыгуу жана бекитүү 2023-жылдын март айына пландаштырылууда.
Маалымат
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча тескемесин аткаруу максатында, ЕЭКтин бажы инфраструктурасы департаменти бажы органдарынын жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын ортосунда электрондук документ жүгүртүүнү унификациялоо боюнча туруктуу иштерди жүргүзүп келет.