Жаңылыктар

21.02.2022 (Обновлено: 05.03.2022 15:06)

ЕАЭБде электрондук кызмат көрсөтүүлөргө алар керектеген жери боюнча КНС салынат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинде кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук соодалоого салык салуу механизмдерин жактырды жана кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорго жөнөттү.

Салык салуу механизми концептуалдуу түрдө төмөнкүлөрдү карайт:

- кызмат көрсөтүүлөр керектелген жери боюнча КНС төлөө;

- салык төлөөчүнү "аралыктан" жана жөнөкөйлөтүлгөн каттоо;

- салык декларациясын жөнөкөйлөтүлгөн түрдө тапшыруу.

Электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан макулдашылган жана ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр бекитилгенден кийин Кеңештин кароосуна киргизилет.

"Электрондук кызмат көрсөтүүлөр рыногу тездик менен өсүп жатат. Биздин жалпы милдет – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджеттери үчүн да, жарандар үчүн да зыян келтирбестен өнүгүүнүн оптималдуу шарттарын түзүү", — деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Руслан Бекетаев.