Жаңылыктар

04.12.2015

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт министрлери Биримдиктин алкагында транспорт саясатын жана Евразия экономикалык биримдиги менен Жибек жолу Экономикалык тилкесин айкалыштыруу маселесин талкууга алышат.

Page Content4-декабрда Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Таир Мансуровдун төрагалыгы астында Евразия экономика биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын төртүнчү кеңешмеси өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө каралчу негизги маселелер: 1) Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатынын негизги багыттары жана аны ишке ашыруунун баскычтары долбоорун талкуулоо; 2) Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгон бир мамлекетте катталган жүк ташуучулардын ЕАЭБге мүчө экинчи бир мамлекеттин аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик жүк ташууларды 2016-жылдан тартып 2025-жылдарга чейин жүк ташыгычтардын баскычтуу түрдө либералдаштыруу программасы боюнча өтүү иш-чараларын талкуулоо. Ошондой эле, Кемелердин каттоосу жөнүндө макулдашуунун долбоору жана Темир жол транспортундагы коопсуздукка карата жалпы ык-амалдар жана коопсуздук сертификатын берүү тартиби долбоорун даярдоо тууралуу маалымат каралат. Мындан тышкары, Евразия экономика биримдигименен Жибек жолу Экономикалык тилкесин айкалыштыруу маселеси боюнча Биримдикке кирген мамлекеттердин өз ара иш алып баруусу жөнүндө маселе күн тартибине киргизилген. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча пресс-брифинг өтөт. Кызыктырган суроолорду берүүгө журналисттерди чакырабыз. Пресс-брифинг төмөнкү дарек боюнча өтөт: Москва шаары, Летниковская көчөсү, 2-үй, 2-курулуш, Коллегия залы. Башталышы 14.00дө. Телекомпаниялардын өкүлдөрү протоколдук видеого тартуу үчүн саат 12.00гө чакырылат. Аккредитация jnazarova@eecommission.orgэлектрондук почтасы же 8 (495) 669-24-00, кошумча 41-47, +7-910-460-04-17 телефон номери боюнча жүрөт, ЕЭК басма сөз кызматынын кызматкери Юлия Назарова. Аты-жөнүңүздү, кызматыңызды, ММКнын аты, ошондой эле аппаратуранын тизмесин берүү зарыл. Суроолор болсо жөнөтүңүздөр. ​