Жаңылыктар

06.12.2016

III Евразиялык экономикалык конгресси

Page Content 2016-жылдын 6-декабрда III Евразиялык экономикалык конгрессинин  - евразия экономикалык интеграциясынын практикалык аспектилерин жана Евразия экономикалык биримдигинде бизнести өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн уникалдуу аянтчанын отуруму болуп өтөт. III Евразиялык экономикалык конгрессинин күн тартибинде: эл аралык чыңалуунун, перспективанын, коркунучтардын шарттарында ЕАЭБ жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын жана бизнести коргоо механизмдерин талкуулоо.   Ошондой эле ЕАЭБтин дары препараттары жана медициналык буюмдар боюнча жалпы рыногун түзүү, сооданы, капитал жана камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү, ЕАЭБте IT-индустриясы, бирдиктүү Бажы кодексин талкуулоо, өндүрүштү локалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү, биримдик өлкөлөрүнүн аймактарынын интеграциясы темасында тегерек столдор өткөрүлмөкчү. III Евразиялык экономикалык конгрессинин атайын иш чараларынын катарында - VIII Индиялык-россиялык бизнес-диалог.   Катышуучулар: ·         Евразия экономикалык комиссиясынын интеграциянын негизги багыттары боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Татьяна ВАЛОВАЯ; ·         Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия мүчөсү (Министр) Мукай КАДЫРКУЛОВ; ·         Беларусь Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Игорь ПЕТРИШЕНКО; ·         Стратегиялык демилгелер агенттигинин башкы директору Андрей НИКИТИН; ·         Россиядагы Alstom компаниясынын президенти Филипп ПЕГОРЬЕ; ·         Россиядагы Confindustria Russia Италиялык өнөр жайчылар ассоциациясынын президенти Эрнесто ФЕРЛЕНГИ; ·         Россиялык-германиялык тышкы соода палатасынын башкармалыгынын төрагасы Маттиас ШЕПП; ·         Европалык бизнестин ассоциациясынын (AEB) башкы директору, Франк ШАУФФ; Индиялык бизнес-альянстын президенти Сэмми КОТВАНИ; Индиялык бизнес-альянстын президенти Сэмми КОТВАНИ; ·         Эл аралык фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын (AIPM) аткаруучу директору Владимир ШИПКОВ.   Иш чара жөнүндө кененирээк маалымат жана деталдаштырылган программа расмий сайтта.       Уюштуруучу: Евразия коммуникациялык борбору   Өнөктөштөр: ·         “Жогорку экономика мектеби” илимий изилдөө университети ·         Эл аралык фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясы (AIPM) ·         “Профессионалдуу бажы операторлорунун Коммерциялык эмес өнөктөштүгү” ассоциациясы ·         Россиянын индустриалдык парктар ассоциациясы ·         Беларусь Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги ·         “Ишкер Россия” жалпы россиялык коомдук уюму ·         Россия-Кыргыз ишкер кеңеши ·         Индия бизнес-альянсы ·         А.М. Горчаков атындагы ачык дипломатияны колдоо фонду ·         “Евразияны тааныйбыз” ассоциациясы (Associazione Conoscere Eurasia) ·         Россиядагы италиялык ишкерлер ассоциациясы  (GIM-Unimpresa) ·         Ispromedia тобу.     Аккредитация:   Элина Чмыхун тел.: +7 495-645-6601 (495) 669 24 00, кош. 7090 Моб.+ 7 977-270-57-32e-mail: pressa@eurasiancenter.ru ​