Жаңылыктар

09.07.2015

Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин отуруму

Page Content9-июлда Бишкекте (Кыргыз Республикасы) ЕЭКтин Экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменовдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин отуруму болот. Отурумга Армения Республикасынын,  Беларусь Республикасынын,  Казахстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана  Россия Федерациясынын мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун Консультативдик комитетинин мүчөлөрү жана Евразия экономикалык комиссиясынын кызматкерлери катышышат. Отурумдун катышуучулары Финансы рынокторунда ишкердикти жүзөгө ашырууга карата талаптар жөнүндө келишимге, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин брокерлерин жана дилерлерин улуттук фондулук биржага өз ара киргизүү (аккредитациялоо) жөнүндө келишимдин долбооруна тиешелүү иштердин жүрүшүн талкуулоону пландаштырууда. ЕАЭБга мүчө мамлекеттерде Автожарандык жоопкерчиликтин жаңы камсыздандыруу продуктун иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу жагында макулдашылган позицияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишинин алкагында Комитеттин мүчөлөрү Казакстандын жана Россиянын ассоциациялары  менен биргеликте Казакстан Республикасынын автокамсыздандыруунун эл аралык системасына кирүү перспективаларын талкуулашат. Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетке караштуу, ЕАЭБ аймагында валюталык жөнгө салуу жана валюталык контролдук маселелери боюнча жумушчу топтун иш натыйжаларын жана евразия интеграциялык бирикмелерге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кредит таржымалына кирген маалыматтар менен алмашуу жагында өз ара иш алып барууларынын келечектерин талкуулоо пландаштырылууда. Комитеттин күн тартибине ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин аймагында валюталык чектөөлөрдүн өзгөчө жагдайына кирген экономикалык көрүнүштөргө баа берүү ыкмасы жөнүндө маселе да камтылган. ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин аймагында аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү боюнча Иш чаралар планынын («жол картасынын») долбоорун талкуулоо пландаштырылууда. Комитеттин отурумунда чакырылган адам катары Аманатчыларды жана акционерлерди коргоо боюнча федералдык коомдук- мамлекеттик фондунун башчысы Марат Сафиулин катышмакчы, ал Россия Федерациясынын баалуу кагаздар рыногунда финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча компенсациялык механизмдерге тиешелүү маселелер боюнча айтып берет. Мындан тышкары, ЕЭКтин Экономика жана финансы саясаты боюнча Министри Тимур Сулейменовдун Кыргыз Республикасына визитинин алкагында КР Финансы министри Адылбек Касымалиев менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Төрагасы Замирбек Осмонов менен жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда. Маалымат:  Евразия экономикалык комиссиясына караштуу Финансы рыноктору боюнча Консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын  2012-жылдын 25-октябрындагы №199 чечими менен түзүлгөн. Коллегиянын Экономика жана финансы саясаты боюнча Министри Тимур Сулейменов Комитеттин Төрагасы болуп саналат. Комитеттин иши Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө  өлкөлөрдүн мыкты эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен финансы рыноктору чөйрөсүндө  улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө багытталган. ББ жана БЭМ катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда финансы кызматтарын (банк жана камсыздандыруу секторунда, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда) өз ара соодалашууну кеңейтүү Комитеттин артыкчылыктуу милдети болуп саналат.